• English
  • Кыргызча
  • Русский
Кыргызпатенттин статс-катчысы Бакыт Кененбаев Женевадагы ИМБДУнун Патенттик укук боюнча туруктуу комиссиясынын 14-сессиясынын ишине катышты.
Жайындалган күнү : 
2010-01-29

2010-жылдын 25-29-январында Женевада (Швейцария) Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) Патенттик укук боюнча туруктуу комиссиясынын (ПУТК) 14-сессиясы өттү. ПУТКнын ишине Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Бакыт Кененбаев катышты.

Төраганы жана төраганын эки орун басарларын шайлагандан кийин жана комитеттин он үчүнчү сессиясынын иши жөнүндө отчетунун долбоорун бекиткенден кийин бир нече баяндамалар каралды.

Биринчиси 2009-жылдын 13-14-июлунда Женевадагы эл аралык конференциялар борборунда болуп өткөн интеллектуалдык менчик жана мамлекеттик саясат маселелери боюнча конференцияга тиешелүү болду. Конференцияда мамлекеттик саясаттын, атап айтканда, саламаттыкты сактоо, курчап турган чөйрө, климаттын өзгөрүшү жана азык-түлүк коопсуздугу сыяктуу айрым бир тармактарда патенттерди пайдаланууга тиешелүү маселелер каралган.

Андан тышкары 13-сессиядан талкуулоо жана толуктоолорду киргизүү үчүн ачык боюнча калган эл аралык патент системасы жөнүндө отчет угулду.

ПУТКнын катчылыгы тарабынан комитеттин талкуусуна кээ бир маселелер боюнча төмөндөгү алдын ала изилдөөлөр көрсөтүлдү: стандарттар жана патенттер, патентке жөндөмдүү объектилерден чыгаруу жана укуктарды чектөө, патентик маалыматты жайылтуу (лицензияларды каттоону камтуу менен), технологияларды өткөрүп берүү жана башка.

Негизги темаларды талкуулагандан кийин Патентик укук боюнча туруктуу комитеттин мындан аркы ишинин программасы каралды.

ПУТКнын 14-сессиясына катышуунун алкагында Кыргызпатенттин статс-катчысы Бакыт Кененбаев КРнын Туруктуу өкүлчүлүгүнө барып, анда Швейцариядагы КРнын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Мухтар Джумалиев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун аймактык тобундагы КРнын төрагалыгынын алкагында Туруктуу өкүлчүлүк менен Кыргызпатенттин ишин координациялоо, ошондой эле Кыргызстан менен ИМБДУнун ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери каралды.

URL:
http://patent.kg/news/2010/01/29/1566.html