• Кыргызча
  • Русский
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Интеллектуалдык менчик объектилерин камтыган товарларга карата бажы контролунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.
Жайындалган күнү : 
2010-01-27

Кыргыз Республикасынын Бажы кодексин ишке ашыруу максаттарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Д.Т. Усенов «Интеллектуалдык менчик объектилерин камтыган товарларга карата бажы контролунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө» 2000-жылдын 27-ноябрындагы № 694 токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 2009-жылдын 22-декабрындагы № 794-токтомго кол койду.

Бул документке ылайык, КРнын Өкмөтүнүн № 694-токтомун «Товарларды токтотууга байланышкан чыгымдарды кайруу жөнүндө милдеттенме» деген тиркеме менен толуктоо, ошондой эле МБИ (Мамлекеттик бажы инспекциясы) деген аббревиатураны МБКга (Мамлекеттик бажы кызматы) алмаштыруу керек.

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. КРнын Өкмөтүнүн өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү № 794-токтому «Эркин Тоо» гезитинин 2010-жылдын 26-январдагы санына жарыяланды.
КРнын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы токтому менен төмөндөгү шилтеме боюнча кирип таанышсаңар болот: http://patent.kg/ru/node/1527.

URL:
http://patent.kg/ru/news/2010/01/27/1528.html