• English
  • Кыргызча
  • Русский
Кыргызпатент GAC ICANNдеги Кыргызстандын расмий өкүлү болуп калды
Жайындалган күнү : 
2010-01-27

Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) Мамлекеттер аралык байкоо жүргүзүү комитетинде (GAC ICANN) Кыргызстандын расмий өкүлү болуп калды.

Кыргызпатент 2009-жылы декабрда GACка кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү демилгелеген болчу, ал эми жаңы жылдын башында эле Кыргызстан Мамлекеттер аралык байкоо жүргүзүү комитетине кабыл алынды.

Байкоо жүргүзүү комитетинин ролу мамлекеттик саясатка байланышкан талаш-тартыш маселелер боюнча ICANNге консультацияларды берүүдө турат. Барыдан мурда комитет мамлекеттик кызыкчылыктардын көз карашында, атап айтканда, ICANNдин саясаты менен улуттук мыйзамдардын, ошондой эле эл аралык макулдашуулардын ортосундагы өз ара байланыштар пайда болууга мүмкүн болгон маселелерде ICANNдин ишмердүүлүгүн жана саясатын карайт.

GACка катышуу өлкөлөргө DNSти башкаруу жаатындагы саясатка жана ушуга байланышкан, бүтүндөй Интернет түйүнүн иштетүү үчүн маанилүү болгон иш-милдеттерге таасир көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. GAC мамлекеттин өкүлдөрүнүн ICANNге берген сунуштарындагы көз караштардын ар түрдүүлүгүн эске алууга умтулат.

Азыркы мезгилде Мамлекеттер аралык байкоо жүргүзүү комитети мамлекеттердин 109 өкүлчүлүгүн камтыйт. Комитеттин ишине үзгүлтүксүз негизде Эл аралык Телекоммуникациялык Союз (ITU) же Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму (WIPO) ж.б. сыяктуу 30дан ашуун улуттук өкмөттөр, көп улуттуу өкмөттүк уюмдар катышат.

Тема боюнча материалдар:
ICANNдин Мамлекеттер аралык байкоо жүргүзүү кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмеси
ICANNдин Мамлекеттер аралык байкоо жүргүзүү кеңеши жөнүндө кеңири маалымат