• Кыргызча
  • Русский
КРнын МПКсына Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун (СУАР) расмий делегациясы келүүсү
Жарыяланган күнү : 
01/01/2008

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматына КЭРдин СУАР Илим жана техника башкармалыгынын начальнигинин орун басары Ху Келин жетектеген Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун (СУАР) расмий делегациясы келди.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын директору Н.Т.Турганбаевдин КЭРдин СУАР илимий-техникалык делегациясынын мүчөлөрү менен жолугушуусунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы менен Синьцзяндын Илим жана техника башкармалыгынын ортосунда интеллектуалдык менчик жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана чыңдоо боюнча пикир алмашуулар болду.