• Кыргызча
  • Русский
user warning: Table 'patent.semaphore' doesn't exist query: SELECT expire, value FROM semaphore WHERE name = 'locale_cache_kg' in /var/lib/drupal/includes/lock.inc on line 154.
«Кыргызпатенттин кабарлары: Интеллектуалдык менчик маселелери» журналынын кезектеги саны жарыкка чыкты
Жайындалган күнү : 
2010-01-27

«Кыргызпатенттин кабарлары: Интеллектуалдык менчик маселелери» журналынын № 2/2009 санында расмий документтер, 2009-жылдагы окуялардын хроникасы, «Интеллектуалдык менчик жаатында укук коргоо боюнча» жана «ИМБДУ автордук укук жана аткаруулар менен фонограммалар боюнча «Интернет келишимдерди» ишке ашыруу боюнча» семинарлардын материалдары, ошондой эле «Мамлекеттин келечеги – мамлекеттик тилинде» аттуу адабий-музыкалык кечеден алынган фото репортаж жарыяланды.

«Кабарлоолор» рубрикасында төмөндөгү эл аралык келишимдер жарыяланды: «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы менен Австрия патенттик ведомствосунун ортосундагы кызматташтык жөнүндө Макулдашуу»; «Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясы»; «Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусу»; «Адабий жана көркөм чыгармаларды коргоо жөнүндө Берн конвенциясы».

Журнал орус тилинде 60 нускада жана 30 CD-дисктерде чыкты. Журналдын материалдары менен кененирээк таанышууну каалагандар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасына кайрылса болот.

URL:
http://patent.kg/news/2010/01/27/1526.html