• Кыргызча
  • Русский
Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фонду "Жалпы машина куруу" аттуу жыйнакты даярдады
Жарыяланган күнү : 
26/01/2010

Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фонду “Жалпы машина куруу” аттуу тематикалык тандап алуу жыйнагын даярдады жана басууга берди.

Жыйнак машина куруу тармагындагы ойлоп табуучулуктун жүгердүүлүгү жөнүндө аналитикалык маалыматты, 1995-2008-жылдар аралыгында Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Евразиялык патенттик ведомствонун 1998-2008-жж. расмий бюллетенинде жарыяланган коргоо документтерине ойлоп табуулардын сыпаттамаларынын аннотацияларын камтыйт.

Жыйнактагы патенттик маалымат Эл аралык патенттик классификациянын (ЭПК) бөлүктөрү, өтүнмө берүүчү өлкөлөр боюнча жана жылдар боюнча расмий бюллетендердин номерлеринин өсүү тартибинде жайгаштырылган.

1995-2008-жылдар ичинде Кыргызпатент тарабынан машина куруу тармагында 68 коргоо документтери, анын ичинде 51 патент өтүнүүчүнүн жоопкерчилиги астында жана 17 патент ойлоп табууларга берилген. 1998-2008-жж. Евразиялык патенттик ведомство тарабынан машина куруу тармагында Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан 237 коргоо документтери берилген. Бардыгы болуп 305 коргоо документтери берилген.

Бул малымдама өкмөттүк мекемелердин, илимий-изилдөө жана долбоордук-конструктордук уюмдардын, университеттердин жана өнөр жай ишканаларынын адистерине арналган.