• English
  • Кыргызча
  • Русский
Мамлекеттик кызматкерлер үчүн интеллектуалдык менчик боюнча курстар
Жайындалган күнү : 
2010-01-15

2010-жылдын 26-апрелинен 5-майына чейин Женевада (Швейцария) Бүткүл дүйнөлүк соода уюму (БСУ) жана Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму (ИМБДУ) мамлекеттик кызматкерлер үчүн интеллектуалдык менчик боюнча курстарды өткөрөт.

Окутуу курсунун негизги максаты өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн жана өткөөл экономикадагы өлкөлөрдүн мамлекеттик кызматкерлеринин ИМБДУ менен БСУнун ишмердүүлүктөрү жана куралдары жөнүндөгү маалыматтуулугунун деңгээлин жогорулатуу болуп эсептелет.

Тренинг учурунда төмөндөгү багыттар боюнча катышуучулардын ортосунда маалымат жана пикир алмашууларга мүмкүндүк берилет: эл аралык саясат жана ИМ жаатындагы мыйзамдарга сереп салуулар, ИМ жана экономикалык өнүктүрүү, автордук укук жана чектеш укуктар, товардык белгилер, патенттер, ИМ укуктарын жүзөгө ашыруу, технологияларды өткөрүп берүү, ИМ жана атаандашма саясат, ИМ жаатында патенциалды түзүү, биотехнология, салттуу билимдер жана фольклор.

Өнүгүп жаткан өлкөлөрдөн жана өткөөл экономикадагы өлкөлөрдөн келүүчү катышуучулар үчүн 20 орун бөлүнгөн.

Катышуучуларга коюлуучу талаптар:
- англис тилин жогорку деңгээлде билүү
- ИМ чөйрөсүндөгү 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу

Өтүнмөлөрдү берүүнүн акыркы мөөнөтү 2010-жылдын 27-февралы

Кеңири маалымат алууну каалагандар төмөнкү шилтеме боюнча тааныша алышат:
http://www.wto.org/english/tratop_e/devel_e/train_e/course_details_e.htm