• English
  • Кыргызча
  • Русский
ИМБДУнун көз карандысыз консультанты Рон Маршандын келүүсү
Жайындалган күнү : 
2010-01-13

Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) көз карандысыз консультанты, Британиянын интеллектуалдык менчик боюнча ведомствосунун мурдагы башчысы Рон Маршандын Бишкек шаарына келүүсү күтүлүүдө, бул жерде КРнын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы менен биргеликте интеллектуалдык менчикке тиешелүү маселелерди талкуулоо максатында мамлекеттик мекемелердин, чыгармачыл союздардын, ЖОЖдордун, юридикалык компаниялардын, бизнес-структуралардын өкүлдөрү менен жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар өткөрүлөт.

Бул иш-чаралар ИМБДУнун колдоосу астында [/url] Кыргызстанда интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча улуттук стратегияны даярдоодогу [url=http://patent.kg/ru/news/2009/12/15/1341.html] биринчи баалоочу этап катары каралып, анын жүрүшүндө өлкөдөгү географиялык, экономикалык, саясый, укуктук жана социалдык жагдайлар талдоого алынат, ошондой эле стратегияны иштеп чыгуу боюнча артыкчылыктуу муктаждыктар аныкталат.