2006-жылы КРнын Президенти К.С.Бакиевдин КЭРге мамлекеттик визити болгон. Кыргыз делегациясынын курамында Кыргызпатенттин директору болуп, ал мамлекет башчысынын катышуусунда интеллектуалдык менчикти коргоо жаатында КРнын жана КЭРдин ортосундагы кызматташтык жөнүндө Макулдашууга кол койгон. Ушул макулдашуунун негизинде Кыргызпатенттин КЭРдин Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик ведомствосу (SIPO) менен болгон кызматташуусу өнүгүү алды.
2008-жылдын апрелинде SIPOнун жана Кызматташтыктын Азиялык аймактык фондунун чакыруусу боюнча КЭРде болуп өткөн Азиялык аймактык семинарга Кыргызпатенттин өкүлү катышкан. Кыргызпатент жана SIPOнун ортосундагы интеллектуалдык менчик жаатындагы ведомстволор аралык Макулдашууну түзүү жөнүндө сүйлөшүп бир пикирге келишүүгө жетишилген болчу. Макулдашуунун долбоору эки ведомство тарабынан иштелип чыккан жана оңдолгон. Колдонулуп жаткан жол-жобого ылайык кем жерлерин иштеп бүтүргөндөн кийин жана кээ бир өзгөртүүлөрдү киргизгенден кийин долбоор КРнын Тышкы иштер министрлигине макулдашууга жиберилген. Ылайыктуу тескөөдөн кийин Макулдашууга ведомстволордун башчылары тарабынан кол коюлат.
2009-жылы сентябрда SIPOнун чакыруусу боюнча Кыргызпатенттин өкүлү «Чакан жана орто ишканалар үчүн интеллектуалдык менчик маселелери» деген темадагы Аймактык семинардын ишине катышты. Семинар Азиянын Аймактык өнүктүрүү фондунун жардамы астында уюштурулду жана Пекинде өттү.
Биздин ведомстволордун ортосунда дайыма маалыматтар, бюллетендер жана иш жөнүндө жылдык отчеттор менен алмашуу жүргүзүлүп турат.
Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы
Ф.Ибрагимов