• English
  • Кыргызча
  • Русский
ИМБДУнун Алтын медалын алууга талапкерликке белгилүү аткаруучу Бактыбек Шатенов тандалып алынды
Жайындалган күнү : 
2009-12-30

2009-жылдын 28-декабрында Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын алдындагы Чектеш укук ээлеринин кеңешинин Президиумунун жыл сайынкы отуруму болду.
Белгилүү аткаруучулар, телерадиокомпаниялардын өкүлдөрү жана үн жазуу студияларынын жетекчилери: Кыргызбай Осмонов, Байма Сутенова, Сергей Огай, Талант Кашкаев, Мухаммед Алимходжаев, Виталий Дым, Виктор Усов жана башка президиумдун мүчөлөрүнүн катышуусундагы отурумду Кыргызпатенттин директорунун орун басары Туруспек Коеналиев куттуктоо сөзү менен ачты.

Отурумда президиумдун мүчөлөрүнүн көңүлү Кыргызпатенттин Интеллектуалдык менчик объектилерин камтыган продуктуларды жана товарларды изилдөө жана эксперттөө башкармалыгынын жүргүзгөн иштери жөнүндө маалыматка бурулду, ошондой эле отурумда “Чектеш укуктарды жамааттык башкаруу боюнча коом” коомдук бирикмесинин чектеш укуктар субъектилеринин мүлктүк укуктарын жамааттык башкаруу боюнча уюмду түзүү жөнүндө арызы каралды.

Коомдук бирикменин бул сунушун талкуулаган соң, президиумдун мүчөлөрү тарабынан бул маселени келерки жылдын февралында боло турган тегерек үстөлдө кеңейтилген курамда кыйла кеңири карап чыгуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Андан тышкары, жыл сайын 26-апрелде Интеллектуалдык менчиктин Эл аралык күнүн майрамдоого карата ыйгарылуучу Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Алтын медалын алууга көрүнүктүү аткаруучулардын ичинен талапкерди көрсөтүү маселеси каралды.

Чектеш укук ээлеринин Президиумунун мүчөлөрүнүн жашыруун добуш берүүсүнүн жүрүшүндө көпчүлүк добуш менен ИМБДУнун Алтын медалын алууга талапкерликке белгилүү аткаруучу Бактыбек Шатенов тандалып алынды.

Бактыбек Шатенов

1987-жылы биринчи адистик фольклордук-этнографиялык “Камбаркан” ансамбли түзүлүп, ага сынактын негизинде Б.Шатенов кабыл алынган. Комуз, кыл кыяк, чогойно чоор, темир комуз сыяктуу ар кандай аспаптарда ойноо менен бир эле учурда музыкант-аткаруучу болуп эсептелип ал биздин республиканы Түркияда, Малайзияда, Кытайда, Японияда, Германияда, Италияда, Францияда, Англияда, Кошмо штаттарда, Россияда жана башка дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө татыктуу көрсөтүп келген. 2001-жылы комузчу, ырчы жана композитор Атай Огомбаевдин 100 жылдыгына арналган “Талас таңшыйт” аттуу эл аралык сынактын “Гран-Присин” жеңип алган.

2008-жылы “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамы ыйгарылган. 1999-жылдан тартып, азыркы учурда республикадагы мыкты топтордун бири болуп эсептелген “Ордо-Сахна” фольклордук-этнографиялык театрында эмгектенип келет. «Ордо-Сахна» - бул өзүнүн репертуары жана стили боюнча өзгөчөлөнгөн топ. Азыркы учурда Шатенов Бактыбек - Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын солисти; кыргыз элинин маданиятын жана салтын көрсөтүүчү жана элибиздин баалуу мурастарынын бири болуп эсептелүүчү «Камбаркан» жана «Ордо-Сахна» фольклордук ансамблдеринин музыкант-ырчысы.

URL:
http://patent.kg/news/2010/01/11/1372.html