• Кыргызча
  • Русский
Кыргыз Республикасынын Эл акыны Суйунбай Эралиев жана композитор Бакыт Алишеров ИМБДУнун сыйлыгын алууга көрсөтүлүштү
Жарыяланган күнү : 
29/12/2009

2008-жылы 28- декабрда Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын алдындагы Авторлор кеңешинин Президиумунун отуруму болду. Отурумга маданият менен искусствонун белгилүү ишмерлери Тургунбай Садыков, Кенеш Жусупов, Таалай Курманов, Кенжегазы Асанбаев, Өскөн Даникеев, Бексултан Жакиев, Сардарбек Жумалиев, Төлөгөн Мамеев, Шайлообек Дүйшеев, Жыпара Исабаева, Кыялбек Урманбетов ж.б. катышты.

Күн тартибине ылайык Авторлордун жана укук ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык башкаруу боюнча жасалган иштер туурасында Кыргызпатенттин жылдык отчету угулду жана бир добуштан кабыл алынды. Андан тышкары Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) Алтын медалын алууга авторлордун жана аткаруучулардын талапкерликтери каралды.

Президиумдун мүчөлөрүнүн жашыруун добуш берүүсүнүн натыйжасында, адабият жана музыкалык өнөр жаатындагы жетишкендиктери үчүн ИМБДУнун Алтын медалын алууга талапкерлер тандалып алынды. Алар - Кыргыз Республикасынын Эл акыны Суйунбай Эралиев жана композитор Бакыт Алишеровдор болушту.

Отурумдун жүрүшүндө ошондой эле автордук укукту коргоого тиешелүү маселелер каралып, Кыргызпатенттин мындан аркы иштерине авторлордун пикирлери жана каалоолору айтылды.

Кыскача биография:

Суйунбай Эралиев

Талас областынын Талас районуна караштуу Үч-Эмчек айылында 1921-жылы 15-октябрда туулган. 1940-жылы орто мектепти бүтүргөн. Улуу Ата Мекендик согуштун 1942-1944-жылдары фронтто болуп, үч жолу оор жаракт алган. 1944-1951-жылдары Талас областык “Лениндик туу” гезитинин жооптуу катчысы болуп иштеген. 1954-жылы “Кыргызстан пионери” гезитинин жооптуу редактору болуп дайындалган. 1959-1965-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармасынын катчысы болуп эсептелген. 1965-1967-жылдары Москвадагы Жогорку адабияттар курсунун угуучусу болуп эсептелген. 1967-1984-жылдары Жазуучулар союзунун башкармасынын адабий кеңешчиси болгон. 1984-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун Кыргыз акындарынын ассоциациясынын президенти болгон.

1939-жылдан тартып жарыялана баштаган. Биринчи поэтикалык жыйнагы “Биринчи жаңырык” деген ат менен 1949-жылы жарыкка чыккан. Акындын чыгармачылыгында өзгөчө орунду Улуу Ата Мекендик Согуш жөнүндө ырлары ээлейт. Бул жылдары жаран жана сүрөтчү катары кыйла калыптанууну башынан кечирет. С.Эралиевге чоң чыгармачылык жетишкендикти анын 1959-жылы чыккан “Ак-Мөөр” поэмасы алып келген. Ал кыргыз поэзиясында биринчи болуп эркин ырлар формасын чеберчилик менен пайдаланган. Анын үлгүсү катары 1966-жылы жзылган “Жылдыздарга” аттуу поэмасы кызмат кылат. Акындан котормочулук ишмердүүлүгүндөгү айныксыз чыгармачылык ийгиликтери болуп, У. Уитмендин, Р. Тагордун, М. Турсун-Заденин кыргыз тилиндеги ыр жыйнактары эсептелет, ал эми А.Твардовскийдин “Василий Теркин” аттуу китебинин кыргыз тилине которулушу кыргыз адабиятындагы көркөм поэтикалык котормонун мыкты үлгүлөрүнүн бири болуп эсептелет. С.Эралиевдин чыгармалары көптөгөн тилдерде басылып чыккан, ал эми “Жылдыздарга” поэмасы 1967-жылы Югославияда басылып чыккан.
Кыргыз Эл акыны (1974-ж.).

1981-жылы А.А.Фадеев атындагы Бүткүлсоюздук сыйлык ыйгарылган, ал эми 1985-жылы басылып чыккан “Кыштак кечтери” аттуу китеби үчүн 1986-жылы Кыргыз ССРинин Токтогул Сатылганов атындагы Мамлекеттик сыйлыгын алган.

1998-ж. С.Эралиевге Казакстан Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Жамбыл атындагы Эл аралык сыйлыгы ыйгарылган.

2000-ж. кыргыз жана казак элдеринин ортосундагы достукту чыңдоого кошкон чоң салымы үчүн акынга Казакстан Республикасынын Эл аралык “Алтын Көпүрө» сыйлыгы беридген.

1948-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Элдердин достугу, 1даражадагы Ата Мекендик согуш, III, I даражадагы Манас ордендери, көптөгөн медалдар жана Ардак Грамоталар менен сыйланган.

Бактыбек Алишеров

Композитор. 1958-жылы 11-июнда туулган. 1977-жылы М.Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайын, 1988-жылы П.И.Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясын бүтүргөн.

Фрунзе шаардык аткаруу комитетинин Маданият башкармалыгында иштеген, 1994-жылдан Кыргыз улуттук консерваториясынын композиция кафедрасында иштейт. “Кыргыз тили” төш белгиси менен сыйланган (2006), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жаштар сыйлыгынын, “Жылдын тандоосу-жылдын адамы” эл аралык сыйлыгынын, “Жылдын мыкты композитору” сыйлыгынын лауреаты. Кыргыз мамлекеттик тилинин Гимнине сынакта биринчи сыйлык ыйгарылган (2005).
Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун мүчөсү (1991).

НЕГИЗГИ ЧЫГАРМАЛАРЫ

Симфониялык: “Эмрайндын жылдызы” балетине музыка (1988), “Манас” гвардиялык марш (1998), “Алдынан чыгуучу” (1998), “Олимпиялык” (1998);

Камералык: орган үчүн соната “Манас” (1997), кыл аспаптар квартети үчүн, скрипка жана фортепиано үчүн, үйлөмө аспаптар үчүн пьесалар;

Гимндер: “Кыргызстан жаштарынын Гимни” (1995), “Мамлекеттик тил Гимни” (2005), “Ата Мекеним” (2006);

Романстар: “Маакум канат”, “Кыздын ыры” (1998);

Кинофильмдерге музыка: “Шайтандын мөөрү” (1993), «In spe» (200I), “Менин бир тууганым -жибек жолу” (2003), “Маңкурт жөнүндө эненин ыйы” (2004), “Жөө туман” (2003);

Драмалык чыгармаларга музыка: “Кара кийинген сулуу” (1999), “Пилдин тажаал ботосу” (2002);

Ошондой эле кыргыз акындарынын сөздөрүнө элүүдөн ашык обондорду жазган.