Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын эксперти Созулкан Бакеева Евразия патенттик ведомствосунун (ЕАПВ) Экспертиза башкармалыгынын Химия жана медицина бөлүмүнүн экспертинин кызмат орунун ээлөөгө сынактан өттү.
Бул кызмат орунуна ЕАПВнын сынак жарыялоосуна байланыштуу, талапкерлердин документтери Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы тарабынан аталган ведомствого жөнөтүлгөн болучу.
Созулкан Бакеева сегиз жылдан ашуун мезгилден бери интеллектуалдык менчик системасын өнүктүрүү жаатында эмгектенип келет, Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди жана өнөр жай үлгүлөрүн экспертөө бөлүмүн башкарат.
ЕАПВнын Сынак комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын сунушуна жана ЕАПВнын кызматкерлеринин кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерге коюлуучу шарттарга ылайык сынакка берилген документтерди карап чыгып, Кыргыз Республикасынын квотасы боюнча Бакеева Созулкан Казбековнаны ЕАПВнын штатына киргизүүнү сунуштады.
Быйыл ЕАПВда иштөө мүмкүнчүлүгү ушуну менен Кыргызпатенттин экинчи кызматкерине берилип отурат.
ЕАПВда иштөө үчүн расмий чакыруу алган соң Созулкан Казбековна өз ойлору менен төмөндөгүчө бөлүштү:
“ЕАПВнын комиссиясынын чечими менен менин талапкерлигим тандалып алынаарын күткөн эмесмин. Албетте, Кыргызпатентте иштөө менен мен топтогон тажрыйба жана квалификация чоң роль ойноду. Кызыктуу ишим, жакшы жамаат жана турукташкан тиричилигимден бөлүнүү бир аз ичти ачыштырат.
Бирок ЕАПВда стажировкадан өткөн учурумда мен ойлоп табууларды эксперттөө ишинде дагы көп нерсени үйрөнүш керек экендигин жана ал үчүн узак убакыт керек экендигин түшүнгөн элем. Мага эми мындай мүмкүнчүлүк берилип олтурат жана мен Кыргызпатенттин жана ЕАПВнын ишенимин актоого жана бардык болгон жоопкерчилик менен иштөөгө аракет кылам”.
“Сынакка катышууга мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн Кыргызпатенттин администрациясына ыраазычылык билдирем. Акырындык менен биздин ведомствонун кызматкерлеринин бардыгы ЕАПВнын стажировка мектебинен жана ишинен өтүшсө абдан жакшы болмок, анткени бул - ведомстванун бардык структуралары үчүн мыкты мектеп, ал эми эксперттер үчүн - өзгөчө”, - деп кошумчалады Созулкан Казбековна.