• English
  • Кыргызча
  • Русский
Джордж Садовски: ICANN ар бир конкреттүү өлкөдөгү кайра өкүлдөөгө карата бейтараптуулукту сактайт жана мамлекеттин ичинде жүргүзүлүүчү саясатка таасир этпейт.
Жарыяланган күнү : 
23/11/2009

Джордж Садовски: ICANN ар бир конкреттүү өлкөдөгү кайра өкүлдөөгө карата бейтараптуулукту сактайт жана мамлекеттин ичинде жүргүзүлүүчү саясатка таасир этпейт.

Белгилүү болгондой, 18-ноябрда Бишкекте Улуттук эмес Бизнес-Ассоциациялары Альянсы тарабынан уюштурулган чуулгандуу иш-чара болду, айым Т. Мамбеталиева билдиргендей, катышуучулар концерттин башкы дирижеруна карап эле буга ынанышты.

Ал аяктагандан кийин бир катар маалыматтык агенттиктерде өз шоруна ушул «тегерек столго» катышууга макулдугун берген жана ага таңууланган маалыматтар боюнча биз анын чектен ашкан чечкиндүүлүктөрү жана бир жактуу ынандыруулары боюнча түшүндүрмөлөрдү сурап кайрылган господин Садовскинин айткандарынан цитаталарды келтирген кабарлоолор пайда болду.
Алар менен, атап айтканда 24.kg МАсынын кабарлоолору менен таанышып чыгып, абдан капаланган г-н Д.Садовски тексттер бурмалангандыгы жана туура эмес түшүндүрмөлөрдү камтыгандыгы айкын деген корутундуга келди. Өзүнүн 2009-жылдын 19-ноябрындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын директору Улан Мелисбекке жазган катында г-н Д.Садовски коомчулукту чаташтырууга алып келген маалыматтык кабарлоолор Кыргызстанда пайда болгондугуна байланыштуу өкүнгөндүгүн билдирди жана жакын арада расмий жокко чыгаруусун жайылта тургандыгына ишендирген.

Бүгүн 2009-жылдын 23-ноябрында Мамлекеттик кызматтын директорунун атына г-н Д.Садовскиден кезектеги кат келип түштү, биз анын эң маанилүү жерлерине токтолуп жана каралып жаткан маселеде бир кыйла жакшы түшүнүгү бар болгон коомчулуктун, анын ичинде түйүндүк калктын көңүл чордонун ошолорго бурууну көздөдүк.

Господин Д.Садовски ага таңууланган ырастоолордо маанилүү жерлери түшүп калган, фактылар бурмаланган жана контекстен материалдардын үзүндүлөрүн алганда туура эмес түшүндүрмөлөр келип чыккан деп белгилейт. Айым Т.Мамбеталиева тегерек столдун катышуучуларынын алдында өжөрлүк менен бир нече ирет аны ICANNдин Генералдык директору деп тааныштырса деле, ал мындай кызматта эмес жана ICANNдин атынан чыгып сүйлөөгө укуксуз экендигин; кайсы маселеде болбосун ICANNдин расмий позициясын угузуу Президенттин, Генералдык директордун (СЕО) же Башкарманын Кеңешинин Төрагасынын артыкчылык укугу болуп эсептеле тургандыгын айткан.

Андан ары господин Д.Садовски белгилүү бир позицияны ээлебестен жана кандайдыр бир өлкөнү же жагдайды сынга албастан, эксперт катары гана өзүнүн жеке пикирин билдиргиси келгендигин түшүндүргөн. Джордж Садовски тактап айтканда катта өзүнүн: «сcTLD мамлекеттик структура, жеке же коомдук уюмдар тарабынан администрациялана ала тургандыгы жана ICANN өз практикасында башкаруунун ушул үч түрүндө тең кайра өкүлдөөнү жүзөгө ашыргандыгы» жөнүндөгү башкы тезисин кайталаган.

Андан тышкары, Джордж Садовски: «ICANN ар бир конкреттүү өлкөдөгү кайра өкүлдөөгө карата бейтараптуулукту сактайт жана мамлекеттин ичинде жүргүзүлүүчү саясатка таасир этпейт. Чечимдер тигил же башка өлкөнүн ылайыктуу органдары тарабынан кабыл алынууга тийиш» деп белгилеген.

Айрым бир маалымат агенттиктеринде жарыяланган «домендерди башкаруу боюнча талаш-тартыштар болгон учурда ICANN эч кандай аракеттерди кабыл албайт» деген конкреттүү ырастоолор боюнча господин Д. Садовски бул тезистин чындыкка ылайык келбестигин белгиледи. Эгерде тигил же бул өлкөдө релеванттуу тараптардын ортосунда консенсус жок болсо, мындай учурда ICANN аргасыз кайра өкүлдөөнү жүзөгө ашырууга укуктуу. Бул туурасында Джордж Садовски мурда 2006-жылдын 20-24-августунда Кыргызстанга өзүнүн келүүсүнүн натыйжасында иштелип чыккан өзүнүн «КРда биринчи деңгээлдеги домен наамдарын (ccTLD) башкаруу боюнча сунуштарында» эскерткен болучу.

Интеллектуалдык мечиктин мамлекеттик кызматы коомчулуктун эсине дагы бир жолу салат, 2009-жылдын 10-июнунда «АзияИнфо» компаниясы жана Кыргызпатент «Ниеттер жөнүндө протоколго» кол коюшкан, ага ылайык кол койгон тараптар домен аймагын кайра өкүлдөө боюнча өз-ара аракеттердин тартибин аныктоого ниеттенишет. Болгону бир нече гана ангажменттөө уюмдарынын жана коммерциялык структуралардын кызыкчылыгын көздөгөн айым Т.Мамбеталиеванын, өзүнүн ашып-ташыган каалоосуна карабастан Кыргызстандын бүтүндөй Интернет-коомчулугунун атынан чыгып сүйлөөгө укугу жок, кайра өкүлдөө процессинде тарап болуп дагы эсептелбейт, ошондуктан кандай гана баада болбосун ага өзүнүн «кийлигишүү» аракеттерин токтотууга тийиш.

Кыргызпатент ошондой эле, айым Т.Мамбеталиеванын айрым бир аракеттери, тактап айтканда алданган эл аралык эксперттерди тартуу менен коомчулукту адаштырууга алып келүү аракеттери, ошондой эле улуттук домен аймагын башкаруу тармагындагы мамлекеттик саясатка каршы токтотулбаган чагымдары мыйзамга каршы мүнөзгө ээ жана биздин өлкөнүн беделине оңбогондой зыян келтире тургандыгын билдирет.

Кыргызпатент дагы бир жолу Т.Мамбеталиеваны акылына келүүгө, мамлекеттин домен наамдарын каттоочулардын базарын монополиясыздаштыруу жана катардагы колдонуучулардын кызыкчылыгын коргоо демилгесине каршы саботажды токтотууга, анын ордуна биз жүргүзүп жаткан реформаларга кошулууга ал тургай Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын структурасында түзүлүп жаткан Улуттук домен аймагын башкаруу боюнча координациялык кеңешти башкарууга чакырат.

Джордж Садовскинин кайрылуусу ошондой эле чыр-чатактын башкы жээликтирүүчүсү Таттуу Мамбеталиевага жана анын чагымдарын биринчи жолу эмес колдогон “24.kg” маалымат агенттигине жөнөтүлдү. Кийинкилери адистик этиканы сактайт деп, Д.Садовскинин расмий жокко чыгаруусун жайылтат жана коомчулук алдында кечирим сурайт деп абдан ишенебиз.

Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы.

URL:
http://mir.patent.kg/ru/news/2009/11/23/1227.html