Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Президенти К.С.Бакиев 2009-жылдын 7-апрелинде “Улуттук домен наамдарынын системасын иштетүүнү уюштуруу жөнүндө” Жарлыкка кол койгондон кийин Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) ICANN эл аралык корпорациясына “kg” улуттук аймагын башкарууну кайра өкүлдөө үчүн расмий өтүнмө берген эле, ошондон бери Жарлыкты ишке ашыруу боюнча активдүү иш жүргүзүп келет.
Азыркы кезде Кыргызпатент тарабынан “KG” улуттук домен аймагын сапаттуу башкарууну камсыз кылуу үчүн бардык зарыл болгон ченемдик-укуктук документтер жана жоболор даярдалды, аймактын азыркы администратору “АзияИнфо” жеке компаниясы менен кызматташтык жана өткөрүп берүү планын даярдоо жөнүндө меморандумга кол коюолду.
Андан тышкары, DNS-серверлер - Кыргызтелеком, Акнет, Элкат, ошондой эле АКШнын аймагындагы хостинг-провайдерлердеги колокейшндерге бирден DNS-серверлер орнотулду.
Жакын арада Ош шаарында дагы бир сервер коюу пландаштырылууда. Азыркы администратордун серверлерине салыштырмалуу DNS-серверлердин көп болушу Интернеттеги кыргыз сегментинин сапаттуу, ыкчам жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылат.
ICANN менен техникалык маселелерди макулдашуу аяктоодо, бирок, айым Таттуу Мамбеталиеванын жетекчилигиндеги айрым бир коммерциялык структуралар биз тараптан башкаруу укуктарын кайра өкүлдөө маселелерин чечүү боюнча иштердин ушунчалык ийгиликтүү алга жылып жаткандыгын өтө тескери кабыл алгандыгына байланыштуу, Кыргызпатент ушул кезге чейин ICANN эл аралык корпорациясы менен үзбөй кат алышып тургандыгыбызды күбөлөндүрүүчү кандайдыр бир материалдарды жарыялаган жок. Бирок, Президенттин Жарлыгынын оппоненттери (каршы чыгуучулар) коомчулукту адаштырууга алып келүүгө кайрадан аракеттенип жакткан фактыларды эске алуу менен, бүгүн биз биринчи жолу купуя сырды ачып, биздин өлкөнүн Интернет пайдалануучуларын ICANNден алынган акыркы документ менен кабардар кылууну чечтик.
Жакынкы эле күндөрдө ICANNден Кыргызпатент тарабынан орнотулган жогоруда көрсөтүлгөн 4 сервердин IANA (“Интерент мейкиндигинин даректик администрациясы” - IP-даректердин, жогорку деңгээлдеги домен мейкиндиктерин башкаруучу, ошондой эле MIME маалыматтарынын типтерин жана Интернеттин башка протоколдорунун параметрлерин каттоочу америкалык коммерциялык эмес уюм) эксперттеринин тестирлөөсүнөн ийгиликтүү өткөндүгү жөнүндө жооп алынды.
Эми ICANN “KG” домен аймагын башкаруу милдетин кайра өкүлдөө боюнча өз ара аракеттенүү жөнүндө Кыргыпатент жана “АзияИнфо” компаниясынын ортосундагы мурда кол коюлган “Ниеттер жөнүндө протоколго” ылайык, кайра өкүлдөө процессине байланышкан техникалык маселелерди чечүү үчүн “АзияИнфо” компаниясы менен байланышууга даяр.
From: ********** via RT <*****@iana.org>
Date: 2009/11/19
Subject: [IANA #236615] (cctld-kg) KG ссTLD redelegation request (Kyrgyzstan) - Kyrgyzpatent
To: *****@patent.kg
Dear *****,
All proposed name servers listed in your template passed our technical
checks. We are now ready to send out email messages with requests for
confirmations to the current administrative and technical contacts as
well as proposed administrative and technical contacts. Please review
the information in the template below and let us know if it is ok to proceed
as follows.
As we noted in our earlier email (dated 21 September 2009), in general,
when IANA receives a request to change all the name servers for a given
top-level domain, IANA recommends that the changes are divided into
two steps in order to ensure that the stability of the domain is not
adversely affected. The first step includes adding all the new name
servers while keeping the current name servers operational. The second
step is to remove the old name servers after the new ones have been
added successfully.
Please let us know if you wish to proceed with the request as outlined
above. Please review the template below and let us know if all the
information is correct.
Please do not hesitate to contact us if you have any questions.
Best regards,
***** *****
IANA Root Management
URL:
http://patent.kg/news/2009/11/23/1257.html