Сайттардын аталыштар системасын жөнгө салуучу ICANN уюму латындык эмес домен наамдарын өздөштүрүүнү жактырды. ICANN эксперттери белгилегендей, жакын арада латындык эмес домендердин пайда болуусу 40 жыл мурда ал пайда болгондон берки мезгил ичиндеги Глобалдуу түйүндөгү эң маанилүү өзгөрүү болуп калат.
Интернеттин кыргыз сегментинин колдонуучулары “КР” домен аймагында катталууга укук алуусу үчүн, Кыргызпатент «кр» жогорку деңгээлдеги кириллдик доменди өкүлдөөгө ICANNге алдын ала өтүнмө берди.
ICANN Кыргызпатенттин сурамын карап чыгууга кабыл алды жана ушул кезде өтүнмө берүү үчүн документтердин толук пакетин даярдоо жүрүп жатат.
КР деген аббревиатура биздин республиканын аталышын кыскартып белгилөө үчүн кеңири колдонулгандыктан, “кр” домени өзгөчө мааниге ээ болот.
Кириллдик домендерди каттоонун бир катар артыкчылыктары бар, себеби:
-түйүндүн орус тилдүү колдонуучулары үчүн ыңгайлуу болот
-латын тамгасында окшоштору жок болгон кыргыз тилинин спецификалык тамгаларын (ө,ң,ү) жеңил чагылдырууга мүмкүндүк берет.
