Кыргызпатенттин кызматкерлери мамлекеттик тилди үйрөнүү боюнча сынакты ийгиликтүү тапшырышты
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын кызматкерлери үчүн мамлекеттик тилди үйрөтүү курстары 2011-жылы Кыргызпатенттин төрагасынын орун басары А. Орозбаева жетектеген мамлекеттик тил комиссиясынын демилгеси менен иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жана мамлекеттик тилдин макамын чыңдоо максатында уюштурулган.
А. Калмаматов “Кыргызпатенттин отличниги” төш белгиси менен сыйланды
2012-жылдын 4-февралында Кыргызпатенттин кеңешме залында эмгек жамааты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар кызматынын мурдагы жетекчиси А. Калмаматовду кызматтан узатышты.
Кыргызпатент токтом долбоорун коомдук талкууга алып чыгат
[b][i]Интеллектуалдык менчик укуктарын, анын ичинде автордук жана чектеш укуктарды коргоо системасын жакшыртуу, контрафакттык продукцияларды сатуу деңгээлин азайтуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 593 токтому менен бекитилген 2012–2016-жылдары Кыргыз Республикасында Интеллектуалдык менчикти жана инновацияны өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын милдеттерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 31-пунктун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы тарабынан “Кыргыз Республик
Кыргызпатенттин жетекчилиги америкалык делегация менен жолугушту
2012-жылдын 1-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын жетекчилигинин АКШнын Соода министрлигинин Коммерциялык маселелер боюнча департаментинин делегациясы менен жолугушуусу болуп өттү.
Марат Назарбеков КР Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды
Бүгүн, 2012-жылдын 1-февралында КР Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Абдыгулов Толкунбек Сагынбаевич жаңы директорду тааныштырды.
Марат Назарбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул буйрукка премьер-министр Өмүрбек Бабанов кол койду.
Өкмөт башчысынын башка буйругу менен Ажибай Калмаматов Кыргызпатенттин жетекчилик кызматынан бошотулду.
Адам өмүрүндө демейки жумуш күндөрү эс алууга айланган бир күн келет
2012-жылдын 28-январында Кыргызпатентке караштуу Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын окуу залында Баклыкова Людмила Алексеевнаны ардактуу эс алууга узатуу иш-чарасы болуп өттү.










