• Кыргызча
  • Русский
"Мамлекеттин келечеги - мамлекеттик тилинде" аттуу адабий -музыкалуу кече
Жайындалган күнү : 
2009-10-01

2009-жылдын 6-ноябрында саат 14.00дө Кыргызпатентке караштуу Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын (МПТК) залында “Мамлекеттин келечеги - мамлекеттик тилинде” аттуу адабий -музыкалуу кече болот. Бул иш-чара Мамлекеттик тил мыйзамынын 20 жылдыгына карата жарыяланган үч айлыктын алкагында өтөт.

Иш-чараны куттуктоо сөзү менен Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик кызматынын директору Улан Мелисбек жана Маданият мамлекеттик агенттигинин Мамлекеттик тил боюнча департаментинин өкүлү ачышат.

Иш-чаранын жүрүшүндө Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик кызматынын кызматкерлери интермедияларды коюшат жана кыргыз тилин даңазалаган кызыктуу концеррттик номерлерди аткарышат.

Дареги МПТК: Эркиндик багы, 58/А

URL:
http://patent.kg/news/2009/11/06/1208.html