2009-жылдын 9 айы үчүн Кыргызпатенттин Өнөр жай менчиги объектилерин жана селекциялык жетишкендиктерди экспертизалоо башкармалыгында өнөр жай менчиги объектилери жана селекциялык жетишкендиктер боюнча 3783 чечим чыгарылды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 21,6%га көп.
Ошентип, 2008-жылдын 9 айы үчүн экспертизанын чечимдеринин саны менен салыштырганда, улуттук жол-жоболор аркылуу өнөр жай үлгүлөрүнө өтүнмөлөр боюнча чечимдер 30,8%га, улуттук жол-жоболор аркылуу товардык белгилерге өтүнмөлөр боюнча чечимдер 31,8%га, ал эми эл аралык жол-жобо боюнча берилгендер 8%га өстү.
Мындай оң тенденция өткөн жылы берилген өтүнмөлөрдүн саны негизинен өскөндүгү менен шартталды.