• English
  • Кыргызча
  • Русский
Кыргызпатенттин жамааты Улан Мелисбекти ведомствонун төрагалык кызматына киришкендигине бир жыл толушу менен куттукташат
Жайындалган күнү : 
2009-10-14

Бүгүн Улан Мелисбектин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын төрагалык кызматына киришкендигине бир жыл болду.

Куттуктоо сөзү менен жамааттын атынан Кыргызпатенттин төрагасынын орун басары Туруспек Коеналиев сүйлөп, ак лилиялардын гүлчамбырын тапшырды. Туруспек Коеналиев өз сөзүндө Кыргызпатентти азыр чечимдерди кабыл алууга даяр, жоопкерчиликтүү жана күч-кубаттуу адам башкарып жаткандыгын белгилеп, адистик ишмердүүлүгүндө мындан аркы ийгиликтерди, оптимизмди, ведомствонун жыргалчылыгы жана өнүгүшү үчүн жаңы бийиктиктерге жете берүүсүн каалады.

Улан Мелисбектин башчылыгы менен ведомствонун ишин уюштурууну жакшыртуу боюнча аракеттер жүргүзүлдү. Акырындык менен менеджменттин батыштык принциптери жана ыкмалары өздөштүрүлүүдө.

Быйылкы жыл ичинде кызматкерлердин ишин, ошондой эле өтүнүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды оптималдаштыруу боюнча чаралар кабыл алынды:Кыргызпатенттин почтолук сервери ишке киргизилди, кызматкерлер корпоративдүү байланышка которулду, айлык акыларды алуунун карточкалык системасына өтүштү. Андан тышкары, ведомствонун ички иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн техникалык база жаңыландырылды.

Улан Мелисбектин төрагалыгы астында Кыргызпатент финансылык жана материалдык жардам көрсөтүү менен чыгармачыл союздарды, ойлоп табуучуларды, сүрөтчүлөрдү, авторлорду активдүү колдоону улантууда.

Өткөн мезгил ичинде бир нече эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга кол коюлду: РАК менен Кыргызпатенттин репертуалдарын (драмалык, музыкалык-драмалык жана адабий чыгармалар) өз-ара коргоого багытталган “Россиянын автордук коому” (РАК) Жалпыроссиялык коомдук уюму менен “чоң укуктар” тармагында кызыкчылыктардын өз-ара өкүлчүлүгү жөнүндө келишим, РАК менен эл алдында аткаруу (кичи укуктар) тармагында кызыкчылыктардын өз-ара өкүлчүлүгү жөнүндө келишим, ошондой эле Кыргызпатент менен Австрия патенттик ведомствосунун ортосундагы кызматташтык жөнүндө ведомстволор аралык макулдашуу.

Кыргызпатенттин жаңы расмий сайтын өркүндөтүү менен жылдык отчетторду жана башка зарыл малыматтык материалдардын жарыялоолорунун электрондук документтерине тез кирүү мүмкүндүгү камсыз кылынды. Андан тышкары Кыргызпатенттин ишмердүүлүгүн толук чагылдырууга багыт алынды. Бул максаттарда патенттик ведомствонун сайтынын маалыматтык ресурсу жана Кыргызпатенттин ММК өкүлдөрү менен өз-ара аракеттери активдүү колдонулууда.

Кыргызпатенттин төрагасынын демилгеси боюнча бир нече масштабду долбоорлор башталды.
Алардын бири мамлекеттик мекеменин ички иш кагаздарын жүгүртүүнү автоматташтырууга толук өткөрүүгө багытталган. Аны ишке ашыруу боюнча бир нече этаптар басылып өтүлдү жана азыркы учурда Кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү документтерди жүгүртүүнүн электрондук түрүнө ийгиликтүү өттү.

Экинчи долбоор - кеңири түйүндүк коомчулуктун кызыкчылыгында аймакты өркүндөтүү жана өнүктүрүү максаттарында “KG” домен аймагын башкаруу тармагындагы коммерциялык эмес ишмердүүлүктүн мамлекеттик илимий-техникалык ведомствосу тарабынан жөнгө салынышын жүзөгө ашыруу боюнча.

Аны ишке ашыруу максаттарында патент кызматынын алып баруусуна “KG” улуттук домен аймагын башкаруу укугун сапаттуу өтүүсүн жүзөгө ашыруу үчүн бардык зарыл болгон ченемдик укуктук жана техникалык базаны камсыз кылуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.