Бүгүн 2009-жылы 1-октябрда Ысык-Көлдүн жээгинде өтүүчү “Китепканалар жана коомду демократиялаштыруу” аттуу Х Эл аралык конференция ачылды. Бул иш-чара «Сорос Кыргызстан» Фондунун, АКШ өкүлчүлүгүнүн, Дүйнөлүк банктын, Орто Азия Америка университетинин финансылык колдоосу астында уюштурулду.
Конференциянын катышуучулары конкреттүү өлкөнүн жарандарынын билим берүү, илим, маданият жана өндүрүштүк ишмердүүлүктөрүн китепканалык-маалыматтык камсыз кылуу, коомдук маалыматтык ресурстарды калыптандыруу, сактоо жана натыйжалуу пайдалануу көйгөйлөрүн талкуулашат.
Конференциянын ишине Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Б.Ш. Шамшиев, АКШ өкүлчүлүгүнүн коомчулук менен байланыш боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Марк Камерон, «Сорос Кыргызстан» Фондунун аткаруучу директору М.Т. Тюлегенов, Кыргызпатенттин алдындагы Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын директору Л.А.Баклыкова, ошондой эле китепкана ишинин адистери, АКШ, Англия, Франция, Россия, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандан келген маалыматчылар катышат.