• English
  • Кыргызча
  • Русский
Кыргызпатентте улгайган адамдардын күнүн белгилешти
Жайындалган күнү : 
2009-10-01

2009-жылы 1-октябрда КРнын Мамлекеттик патент кызматында Улгайган адамдардын күнүнө арналган иш-чара болуп өттү.

Ведомствонун жетекчилиги Кыргызстанда интеллектуалдык менчикти алга жылдыруу жана өнүктүрүү үчүн көп жылдар бою жемиштүү эмгек өтөшкөн Кыргызпатенттин ардагерлерин куттуктады.

Кыргызпатенттин статс-катчысы Б.Кененбаев чакырылгандардын бардыгына акчалай сыйлыктарды тапшырды, ошондой эле эмгек ардагерлерине чоң ыраазычылык билдирди жана аларга чың ден-соолук, узак өмүр каалады.

Өз кезегинде, ардагерлер Мамлекеттик патент кызматынын жетекчилигине аларга көңүл бургандыгы үчүн өз ыраазычылыктарын билдиришти.

Салтанаттуу бөлүк бүткөн соң коноктор майрамга арналган чакан фуршетке чакырылышты.