• English
  • Кыргызча
  • Русский
Өнөр жай менчигин коргоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңештин XVIII отурумунун жыйынтыктары
Жарыяланган күнү : 
10/09/2009

2009-жылдын 9-10-сентябрында Агверан көлүнүн (Армения) жээгинде Өнөр жай менчигин коргоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңештин жана Интеллектуалдык менчик жаатындагы укук бузууларга бөгөт коюу боюнча кызматташтык жөнүндө Макулдашуунун катышуучу-мамлекеттеринин биргелешкен жумушчу комиссиясынын он сегизинчи отуруму болду.

Отурумду куттуктоо сөзү менен Өнөр жай менчигин коргоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңештин төрагасы, Интеллектуалдык менчик, патенттер жана товардык белгилер боюнча федералдык кызматтын жетекчиси, Россия Федерациясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Б. П.Симонов ачты.

Төрага күн тартибинде турган маселелерди угузду. Отурумдун катышуучулары бүтүндөй күн тартибин карап чыгышты жана Б.П.Симоновдун Өнөр жай менчигин коргоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңештин Төрагасын жана Өнөр жай менчигин коргоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңештин Төрагасынын орун басарын кезектеги мөөнөткө шайлоо жөнүндөгү маселелерди күн тартибинин экинчи пунктуна которуу жөнүндөгү сунушун бекитишти.

Отурум убагында, Б.П.Симонов 2006-2009-жылдар үчүн Өнөр жай менчигин коргоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңештин аткарган иштери жөнүндө отчет берди жана Төрага менен анын орун басарын шайлоо маселелеринин жол-жоболору боюнча чечим кабыл алуу зарылдыгын белгиледи.

Төрагалыкка Армения Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү А.Ф.Азизянды жана Төраганын орун басарлыгына – Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү У.М.Мелисбекти шайлоо жөнүндө чечим кабыл алынды.

Жаңы шайланган Төрага, Армения Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү А.Ф.Азизян отурумду алып барууну улантты.

Отурумдун ишинин жүрүшүндө бир катар актуалдуу маселелер жана Өнөр жай менчигин коргоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңештин ишмердүүлүгүнүн эң негизги багыттары боюнча документтер каралды.

Отурумдун катышуучулары Беларусь Республикасынын Интеллектуалдык менчигинин улуттук борбору тарабынан даярдалган жаңы Мамлекеттер аралык кеңешти түзүү боюнча
документтердин тексттеринин долбоорун жана КМШ Аткаруу комитети тарабынан даярдалган документтердин тексттеринин долбоорун карап чыгышты. Талкуунун жыйынтыктары боюнча отурумдун катышуучулары, жол-жобо маселелери боюнча КМШ Аткаруу комитетинин толуктоолорун эске алуу менен Жумушчу тобунун алкагында даярдалган документтердин тексттерин негиз кылып кабыл алууга макул болушту.

Отурумдун ишине Кыргыз Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Молдова Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын, Өзбекстандын, Украинанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышышты.

Отурумга байкоочулар катары Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ), Көзкарандысыз Мамлекеттердин Ынтымакташтыгынын Аткаруу комитетинин, Европа патентик ведомствонун (ЕПВ) жана Евразия патентик ведомствосунун (ЕАПВ) өкүлдөрү катышышты.

Отурумдун жыйынтыктары боюнча Өнөр жай менчигин коргоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңештин жана Интеллектуалдык менчик жаатындагы укук бузууларга бөгөт коюу боюнча кызматташтык жөнүндө Макулдашуунун катышуучу-мамлекеттеринин биргелешкен жумушчу комиссиясынын кезектеги XIX отурумун 2010-жылдын март-апрелинде Кыргыз Республикасында өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынды.