Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын “Интеллектуалдык менчик” расмий бюллетенинин кезектеги № 7/2009 саны чыкты.
Бул санда Гаага макулдашуусуна ылайык Кыргыз Республикасында корголуучу ойлоп табуулар, товардык белгилер жана фирмалык аталыштар, программалык продуктулар жана лицензиялык келишимдер, өнөр жай үлгүлөрү жөнүндөгү маалыматтар жарыяланды.
Андан тышкары бюллетенде ойлоп табуучуларга патенттердин жана күбөлүктөрдүн берилиши тууралуу, ошондой эле бир айдын ичинде Мамлекеттик патент кызматында болуп өткөн иш-чаралар жөнүндө расмий кабарлоолор камтылган.
“Интеллектуалдык менчик ” расмий бюллетени Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы тарабынан 1997-жылдан бери, 120 даана нускада чыгарылат. Кагаз түрүндөгү нускасы 60 даананы түзөт жана 60 даанасы CD-дисктерде.
Журналдагы маалыматтар кыргыз жана орус тилдеринде берилген. Басылманын мурдагы чыгарылыштарын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасынан табууга болот.
