2009-жылдын 4-сентябрында Кыргызпатенттин жетекчилиги Улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы Абдрахман Алымбаевдин чакыруусу боюнча Улуттук Жазыуучулар союзунда болуп кайтышты.
Чакырылгандардын ичинде Мамлекеттик патент кызматынын төрагасы Улан Мелисбек, КРнын МПКнын төрагасынын орун басары Туруспек Коеналиев, Кадрлар бөлүмүнүн начальниги Жаныке Казаков, Автордук укук, чектеш укуктар объектилерин, авторлорду, укук ээлерин каттоо секторунун башчысы Жыпара Садыкова жана Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фондунун аткаруучу директору Маркабай Ааматовдор болушту.
Достук визиттин максаты Кыргызпатенттин жетекчилигинин Жазуучулар союзунун иш шарттары менен таанышуусу, ошондой эле техникалык жабдуу түрүндө жардам көрсөтүү болду. Кыргызпатент Жазуучулар союзуна компьютер, ошондой эле “Кыргызстандын жазуучулары” жыйнагынан 5 нусканы белек кылды.
Визиттин жыйынтыгында өлкөдөгү чыгармачыл союздардын азыркы абалын талкуулоо үчүн Кыргызпатенттин колдоосу астында чыгармачыл союздардын отурумун уюштуруунун алдын ала макулдашуусуна жетишилди. Андан тышкары, ушул сыяктуу отурумдардын алкагында чыгармачыл союздун өкүлдөрү ар кандай чыгармачыл бирикмелер менен өз-ара кыйла натыйжалуу аракеттенүү үчүн пикирлери жана сунуштары менен алмаша алышмак.
Ошондой эле визиттин жүрүшүндө Мамлекеттик патент кызматы менен Улуттук Жазуучулар союзунун мындан ары өз-ара аракеттенүү маселелери талкууланды.
