Мамлекеттик патент кызматынын жетекчилиги жетим балдарга ылайыктуу деңгээлди жана социалдык колдоону камсыз кылуу маселесине зор көңүл бурат.
Биздин ар бирибиз биз жана биздин балдарыбыз жашай турган коомду курууга катышат. Мамлекеттик патент кызматы жетим балдарга кандай болбосун жардам көрсөтүүгө аракет кылат жана буга бардык күч аракетин жумшайт. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын патенттик ведомствосу Кыргызпатенттин мурдагы кызматкерлеринин жетим балдарына материалдык жардам көрсөттү:
1. Бейшенова Ажарга, (1999-жылы туулган), 10 000 сом өлчөмүндө;
2. Бейшенова Берметке, (1999-жылы туулган), 10 000 сом өлчөмүндө;
3. Бейшенова Ширинге, (1999-жылы туулган), 10 000 сом өлчөмүндө;
4. Кикиликов Эрмекке, (1993 -жылы туулган), 10 000 сом өлчөмүндө;
5. Ким Александрага (2005-жылы туулган), 5 000 сом өлчөмүндө.
