Кыргызпатент, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык аракеттенүү менен, өзүнүн ар-намысын, беделин жана иштиктүү зоболосун коргоо жөнүндө, ошондой эле 2009-жылдын 18-августундагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын жетекчиси У.Мелисбектин ишмердүүлүгү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына караштуу Укук коргоочулар кеңешинин сурамы менен массалык маалымат каражаттарына жарыяланган макаланы жокко чыгаруулары тууралуу доо арызы менен Б.Д.Макенбаевага жана Т.Ф.Шайхутдиновго кайрылат.
Бул макалалар Кыргызпатенттин төрагасы У.М.Мелисбектин ишмердүүлүгү жөнүндөгү сурам менен 2009-жылдын 18-августунда айрым бир Интернет сайттарда жарыяланган. Кыргызпатенттин төрагасы У.М.Мелисбектин ишмердүүлүгү жөнүндө сурам менен жарыяланган бул макаланы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы төмөндөгү негиздемелер боюнча мыйзамсыз деп эсептейт.
Жогоруда көрсөтүлгөн жарыялоодо мамлекеттик кызматкердин ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтын коомчулук үчүн айкындуулугун жана жеткиликтүүлүгүн кепилдөөчү «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясына шилтеме жасаган жоопкерлер Б.Д.Макенбаева менен Т.Ф.Шайхутдинов аркылуу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына караштуу Укук коргоочулар кеңешинин сурамы келтирилген.
Ошентип кайрылуунун мазмунунда мындай деп белгиленген:«Укук коргоочулардын изилдөөлөрү көрсөткөндөй, 2009-жылдын 17-июнунда саат 12де Интернеттеги «Ulan Melisbek» деген сайтка жайгаштырылган маалыматтарды кароо учурунда 38 аракеттеги домен аталыштары катталгандыгын көрсөттү. Бирок изилдөө мезгилине «kyrgyscha.org» домен аталышы «Ulan Melisbek» сайтынын ээси тарабынан баштапкы баасы АКШнын бир миң доллары өлчөмүндө сатууга коюлган».
Андан тышкары өзүнүн сурамында Кеңеш мындайча түшүндүрөт:«домендик аталыштарды андан ары кайра сатуу максаты менен алуу азыркы мезгилде «киберсквотинг» же «домендерди басып алуу» деген аталыш менен белгилүү. Улан Мелисбектин мындай иш кылышы автордук укук жана чектеш укуктарды коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу боюнча агенттикти жетектеген мамлекеттик кызматкер катары «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзамда караштырылган кызыкчылыктардын кагылышууларынын түздөн-түз коркунучун жаратат».
Ошентип, өзүлөрүнүн сурамында жоопкерлер Төрага У.Мелисбекти «киберсквотингде», б. а. андан ары кайра сатуу же жарнак жайгаштыруу максаттарында белгилүү компаниялардын аталыштарына уйкаш же жөн гана «кымбат» аталыштагы домен аталышын алган деп күнөөлөшөт.
Жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтар чындыкка туура келбейт жана бул жоопкерлер Б.Д.Макенбаева менен Т.Ф.Шайхутдиновдун гана божомолдору болуп, факт жүзүндө далилденбегендиктен, Кыргызпатенттин төрагасы Улан Мелисбектин аброюна шек келтирет жана иштиктүү беделин булгайт.
«Кыргыз Республикасынын массалык маалымат каражаттары жөнүндө» Мыйзамынын 20-статьясына ылайык журналист өзүнүн кабарлоолорунун далилдүүлүгүн текшерүүгө милдеттүү.
Андан тышкары, биз Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин дарегине сурамга 2009-жылдын 17-августу деген дата коюлгандыгын белгилөө зарыл деп эсептейбиз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 25-августундагы № 370 токтому менен бекитилген Башкарууну (иш кагаздарын жүргүзүүнү) документтик камсыз кылуу боюнча Типтүү нускамага ылайык, типтүү документтерди аткаруунун орточо мөөнөтү 10 күндү түзөт.
Ал эми жогоруда көрсөтүлгөн макала 2009-жылдын 18-августунда эле жарыяланган.
Ошентип жоопкерлер Макенбаева Б.Дж. жана Шайхутдинов Т.Ф. ылайыктуу органдардын расмий жоопторун албай туруп өзүлөрүнүн сурамын массалык маалымат каражаттарына жарыялап жиберишкен.
Сурамда көрсөтүлгөн маалыматтар мыйзамга ылайык келбегендиктен жана чындыкка жатпагандыктан, укук коргоочулардын жогоруда көрсөтүлгөн иштерин мыйзамсыз деп эсептейбиз. Алардын жайылтуулары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын төрагасы Улан Мелисбектин кадыр-баркын жана иштиктүү беделин булгайт, себеби аны билген адамдарда анын иштиктүү жана жеке сапаттарынан күмөн санатат.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 18-статьясынын 2-пунктуна ылайык, эгерде жарандын ар-намысын, кадыр-баркын жана иштиктүү зоболосун булгаган маалыматтар, ошондой эле юридикалык жактын иштиктүү зоболосун булгаган маалыматтар массалык маалымат каражаттарында жарыяланган болсо, алар ошол эле массалык маалымат каражаттарында жокко чыгарылууга тийиш.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын массалык маалымат каражаттары жөнүндө» Мыйзамдын 20-cтатьясын, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 18-статьясын, Кыргыз Республикасынын Граждандык процесстик кодексинин 4, 132 cтатьяларын жетекчиликке алып,
суранабыз:
Б. Д. Макенбаева менен Т. Ф. Шайхутдинов 2009-жылдын 18-августунда массалык маалымат каражаттарына жарыяланган Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин дарегине жазылган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын жетекчиси У.Мелисбектин ишмердүүлүгү жөнүндө сурамын жокко чыгарууга милдеттендирилсин.
