• English
  • Кыргызча
  • Русский
Кыргызпатенттин жетекчилиги менен АРС компаниясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу
Жайындалган күнү : 
2009-09-02

2009-жылдын 2-сентябрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматында ведомствонун жетекчилиги - төрагасы Улан Мелисбек жана статс-катчысы Бакыт Кененбаев менен APC компаниясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар Кыргызпатент менен АРС компаниясынын мындан ары кызматташуусунун келечегин талкуулашты. Тараптар актуалдуу маселелер, тактап айтканда маалыматтык технологиялар тармагында ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бири-бири үчүн баалуу сунуштары жана пикирлери менен алмашышты.

АРС компаниясынын Генералдык менеджери (Түштүк КМШ, Кавказ, Белоруссия) Дмитрий Кириллов “KG” улуттук домен аймагын башкаруу борборун иштетүүгө байланышкан техникалык маселелерди конкреттүү чечүү тууралуу айтып берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында мындан аркы кызматташуу жөнүндө алдын ала макулдашууларга жетишилди.

Маалымкат:

APC by Schneider Electric жоопкерчиликтүү системаларды энергия менен камсыз кылуу жана кондиционерлештирүү боюнча чечимдердин индустирясынын глобалдуу лидери болуп эсептелип, тармакка мыкты жабдууларды, прогаммалык камсыз кылууларды жана маалыматтарды иштеп чыгуу борборлору, өндүрүш объектилери, кеңселер жана үйдө колдонулуучу буюмдар үчүн инженердик комплекстерди камсыз кылат.

АРС чечимдеринин ассортиментине азыктануунун үзгүлтүксүз булактарын (АҮБ), жогорку тактыгы менен айырмалануучу (прецизиондук) кондициялаштыруу системаларын, тирөөчтүк системаларды, дене коопсуздугун камсыз кылуучу каражаттарды, APC InfraStruXure® — энергиялык камсыз кылуу, кондициялаштыруу жана башкаруу маселелерин чечүү үчүн кыйла толук программалык-аппараттык комплексин камтуу менен долбоорлоо жана башкаруу системалары кирет.