2009-жылдын 17-18-сентябрында Женевада (Швейцария) интеллектуалдык менчик боюнча глобалдуу симпозиум болот.
Семинарды Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму (ИМБДУ) уюштурат.
Симпозиумдун башкы максаты болуп глобалдуу интеллектуалдык менчиктин инфраструктурасын өнүктүрүүнүн келечектерин карап чыгуу эсептелет.
Эл аралык форумда патенттик ведомстволордун, индустриалдык ишканалардын жетекчилерине, ошондой эле башка кызыкдар болгон адамдарга интеллектуалдык менчик тармагын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоого мүмкүндүк берилет, ошондой эле инновациялык ишмердүүлүк, илим, техника жана өнөр жайы чөйрөсүндө колдоо көрсөтүү үчүн ырааттуу реформалоо жана иштеп жаткан инфраструктураны жакшыртуу маселелери каралат.
Андан тышкары ИМБДУ интеллектуалдык менчик инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн зарыл болгон ар кандай техникалык компоненттердин жаңы стратегиясын көрсөтөт.