Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы ойлоп табуучуларды, авторлорду, чыгармачыл ишмерлерди жана бардык кыргызстандыктарды улуттук майрам - Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү менен куттуктайт! 1991-жылдын 31-августунда Кыргызстан өзүнүн тарыхынын мындан аркы жүрүшүн өз алдынча аныктоого мүмкүнчүлүк алган.
Биз бардыгыбыз өз өлкөбүз үчүн, өткөндөгүлөр үчүн жана келечек үчүн жоопкерчиликтебиз. Биздин ар бирибиз бир тууган Кыргызстаныбызды чыныгы күчтүү жана эгемендүү болгондугун көрүүнү самайбыз.
Ушул майрам күнүндө бардык жакшылыктарды, ишенимдүү достордун колдоосун, үй-бүлөдөгү бекем таянычты, келечекке болгон ишенимди каалайбыз!
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы

