Фергана.Ру маалыматтык агенттигинин сайтына “Патенттик ведомствонун башчысынын кызыкчылыктарынын кагылышуусу жөнүндө укук коргоочулар билдиришет” деген аталыштагы материалдын жарыяланышына байланыштуу Кыргызпатент Акыйкатчынын Институтуна түшүндүрмө берүүсүн өтүнүп кайрылды. Кыргызстандын Акыйкатчысынын Аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаев “Кыргызпатенттин” жетекчиси Улан Мелисбектин кызыкчылыктарынын кагылышуусу боюнча түшүндүрмөлөрдү камтыган мындай жарыялоого таң калгандыгын билдирди жана “бул тууралуу биринчи жолу угуп жатам” деди.
Кыргызстандын Акыйкатчысынын Аппарат жетекчисинин айтымында, маалымат таратышкан эки укук коргоочу өзүлөрүнүн жеке пикирлерине негизденишкен жана калган бардык башка укук коргоочулардын пикирлерин эч кандай көрсөтө алышпайт. Укук коргоочулар Кеңешинин мүчөлөрү көрсөтүлгөн маалыматка кол коюшкан эмес, мындай жол менен жайылтылган кайрылуу эки гана адамдын, тактап айтканда Б.Макенбаев менен Т.Шайхутдиновдун гана көз караштарын чагылдырат, Акыйкатчы Турсунбек Акундун өзүнүн маалыматы боюнча, мындан бир нече күн мурун алар улуттук домен аймагын башкарууну өткөрүп берүү боюнча Президенттин Жарлыгынын белгилүү оппоненти Таттуу Мамбеталиева менен жолугушкан.
Укук коргоочулар менен жолугушканда Таттуу Мамбеталиева аларды мамлекет башчысынын демилгесине каршы чыгууга үндөгөн жана домен аймагын башкаруу маселесин ар кандай жолдор менен адам укуктарына жармаштырууга аракеттенген. Демек, эки укук коргоочунун жасагандары ангажменттөө болуп эсептелет, ал эми алар жайылткан маалымат чындыкка туура келет деп эсептелбейт. Интернет түйүнүндөгү кыргыз сегментинин укук коргоочуларынын изилдөөлөрү компетенттүү деп эсептелиши мүмкүн эмес, себеби алар билип туруп туура эмес айтылган далилдерге негизденишкен.
Эскертилген пресс-релизде 38 домен аталыштары Интернеттин эл аралык сегментинин домендери болуп эсептелишет жана Кыргызстанга эч кандай тиешеси жок. Улан Мелисбектин улуттук аймакта бир дагы домендик аталышы жок. Алардын билдирүүлөрүнүн компетенттүү эместиги kyrgyscha.org домен аталышын кыргызстандын Интернет түйүнүнүн сегментине кошуп коюшкандыгынан эле көрүнүп турбайбы, бул домен oгg аймагындагы Интернет түйүнүнүн эл аралык сегментинин домени болуп эсептелет эмеспи.
Бирок, эгерде бул домендер “KG” аймагында катталган күндө дагы, бул эч качан кызыкчылыктардын кагылышуусунун булагы болуп эсептеле албайт эле, анткени Кыргыз Республикасында доменди бардык каалаган жаран каттата алат.
Ушуга байланыштуу, өзүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн кызматтык ыйгарым укуктарын кыянатчылык менен пайдаланды дегенге ишенүүгө мүмкүн эмес. Ушуга окшогон маалыматтар Мамлекеттик патент кызматынын жетекчисинин гана эмес бүтүндөй кызматтын аброюна шек келтирет.
