• English
  • Кыргызча
  • Русский
Кыргызпатенттин жетекчилигинин патенттик ишенимдүү өкүлдөр менен кезектеги жолугушуусу
Жарыяланган күнү : 
28/08/2009

2009-жылдын 28-августунда Кыргызпатенттин имаратында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын жетекчилигинин патенттик ишенимдүү өкүлдөр менен кезектеги жолугушуусу болду.

Иштиктүү атмосферада Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлдөрү менен Мамлекеттик патент кызматынын ортосундагы өнөктөштүк өз-ара мамилелерин жана кызматташтыкты мындан ары чыңдоо жаатында бир катар актуалдуу маселелер каралды. Кыргызпатенттин жетекчилери биргелешкен ишмердүүлүктүн негизги багыттары боюнча патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн сунуш пикирлерин жана каалоолорун угушту.

Атап айтканда жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө өтүнмө берүүгө байланышкан көйгөйлөрдү чечүүнүн ыкмалары каралды. Ошондой эле Мамлекеттик патент кызматы патенттик ишенимдүү өкүлдөргө биргелешип иш алып баруунун кезектеги этабы катарында, патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн ишмердүүлүк чөйрөсүнө тиешелүү болгон ар кандай эл аралык иш-чараларга катышууну сунуштады.