[i]2009-жылы 19-августта Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын Коомдук маалыматтык борборунун жыйындар залында Башкарууну документтик камсыздоонун Автоматташтырылган системасы боюнча «Э.Д.Э.М.» (Электрондук иш жүргүзүү Электрондук Москва) программасынын бет ачаары болду. Бул иш-чаранын уюштуруучусу «Электронная Москва» Ачык Акционердик коому болду./i]
Иш-чаранын алкагында катышуучулар Башкарууну документтик камсыздоонун Автоматташтырылган Системасынын (БДК АС) бет ачары менен таанышты. Бет ачарда «Э.Д.Э.М.» системасы - документтерди жана бизнес процесстерди башкаруу үчүн арналган программалык продукт экендиги түшүндүрүлдү. Ошондой эле «Э.Д.Э.М.» программасы электрондук документтер менен иштөөнү натыйжалуу уюштурууга мүмкүндүк берет.
Программанын бет ачары мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн уюштурулган. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматын Кыргызпатенттин Маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн башкы адиси А.В.Хегай көрсөттү.
