• English
  • Кыргызча
  • Русский
Балдардын жана жаштардын техникалык чыгармачылыгынын «Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз» аттуу техникалык конкурсунун каталогу жарыкка чыкты
Жарыяланган күнү : 
27/08/2009

Биз ХХI кылымдын интеллектуалдарыбыз” аттуу Эл аралык Форумдун каталогу басмадан чыкты. Бул иш-чара 2009-жылдын 17-20-майында Чолпон-Ата шаарында болуп өткөн.

Каталогдун чыгарылыш долбоору Мамлекеттик патент кызматы тарабынан “Алтын түйүн” Республикалык инженердик-техникалык академия менен биргеликте ишке ашырылган. Каталогдо болуп өткөн форум жөнүндө маалыматтар, эл аралык форумдун катышуучуларынын иштерине жүргүзүлгөн талдоо, жаш ойлоп табуучулардын тизмеси, ошондой эле ар кандай номинациядагы жеңүүчүлөр тууралуу маалыматтар жарыяланды.

Каталог Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын төрагасы У.М.Мелисбектин жалпы редакциясы астында, 105 нуска менен чыгрылды.