• English
  • Кыргызча
  • Русский
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын жетекчилиги менен Улуттук Жазуучулар союзунун жаңы жетекчилигинин жолугушуусу
Жарыяланган күнү : 
22/07/2009

2009-жылдын 21-июлунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын жетекчилиги менен КРнын Улуттук Жазуучулар союзунун жаңы жетекчилигинин жолугушуусу болду.

Кыргызпатенттин жетекчилиги менен жолугушуу үчүн Улуттук жазуучулар союзунун жаңы шайланган төрагасы Абдрахман Мырзагулович Алымбаев жана жаңы шайланган катчылар Мамат Болот, Кален Сыдыкова, Абдумамбет Сариевдер келишти.

Жолугушуунун максаты эки уюмдун өкүлдөрүнүн таанышуусу жана ведомстволордун келечектеги иштерин белгилөө болду. Мамлекеттик патент кызматынын төрагасы Улан Мелисбек белгилегендей, Кыргызпатент союздун ишине ар тараптуу жардам берет жана жаңы жетекчилик биздин жазуучулардын жыргалчылыгы үчүн иштеп берет деп ишенет. Жооп катарында Абдрахман Алымбаев Кыргызпатенттин интеллектуалдык эмгек адамдарын колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди жана Кыргызпатенттин жетекчилигин Улуттук Жазуучулар союзуна алардын иштери менен таанышууга чакырды. Жолугушууда ошондой эле эки ведомствонун өз-ара аракеттери боюнча маселелер талкууланды.