23 - 24 июлда Женевада (Швейцария) Начар өнүккөн өлкөлөр үчүн интеллектуалдык менчик маселелери боюнча эл аралык форум болот. Иш-чараны Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму (ИМБДУ) уюштурат.
Форумдун максаты болуп интеллектуалдык менчик жаатында тажрыйба жана пикир алмашуу эсептелет. Эл аралык форумдун алкагында катышуучулар интеллектуалдык менчикти стратегиялык пайдалануу маселелеринде эл аралык жана улуттук эксперттер менен консультация алышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Форумдун ишине Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун, Саламаттыкты сактоонун бүткүл дүйнөлүк уюмунун өкүлдөрү, катышуучу мамлекеттердин министрлери, ошондой эле Малайзиянын, Эфиопиянын, Түштүк Африка Республикасынын ж.б. патенттик ведомстволорунун жетекчилери катышат.
