• English
  • Кыргызча
  • Русский
Ведомствонун ар бир кызматкеринин жеке профайлдарын түзүү
Жарыяланган күнү : 
08/07/2009

2009-жылдын 7 июлунда Кыргызпатенттин имаратында ведомствонун кызматкерлерин сүрөткө түшүрүштү. Сүрөткө тартуу үчүн адис сүрөтчү Елена Скочило чакырылды. Кызматкерлердин фото сүрөттөрү жакын арада Кыргызпатенттин сайтына жайгаштырылмакчы.

Фото сүрөттөр ведомствонун ар бир кызматкеринин жеке профайлын түзүү үчүн керек болот, анда анын жеке жана адистик маалыматтары чагылдырылмакчы.

Мындай профайлдын түзүлүшү Кыргызпатенттин ар бир кызматкери үчүн ведомствонун деңгээлинде кадрдык ресурстарды башкарууну автоматташтырууга өтүүгө мүмкүндүк берет, бул албетте Кадрлар жана иш кагаздарын жүгүртүү бөлүмүнүн ишин жеңилдетет, ошондой эле бүтүндөй ведомствонун ишинин натыйжалуулугун арттырат.