2009-жылдын 29–30-июнунда Женева шаарында (Швейцарияда) Инновациялык ишмердүүлүктүн негизинде атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү камсыз кылуу үчүн технологиялык даярдыктар: саясатта жагымдуу негиздерди калыптандырууга жардам берүү жана маалыматтык-байланыш технологиялары жаатындагы жөнгө салуулар маселелери боюнча эл аралык конференция болуп өттү.
Конференция Бириккен улуттар уюмунун Экономикалык кызматташтык жана интеграция боюнча Европалык экономикалык комиссиясынын Комитети тарабынан уюштурулду.
Эл аралык конференциянын максаты болуп, маалыматтык байланыш технологияларын кеңири пайдаланууга (МБТ) жана МБТ түйүндөрүнүн (электрондук соода, виртуалдык бизнес, электрондук билим берүү, электрондук кол коюу ж.б.) кеңейишине байланыштуу жаңы инновациялык продуктулрдын жана иштиктүү операцияларды ишке ашыруунун жаңы ыкмаларынын пайда болушуна тиешелүү маселелерди түшүндүрүү эсептелди.
Конференцияда интеллектуалдык менчикти, интеллектуалдык менчик жаатында окутуу жөнүндөгү материалдар жайгаштырылуучу веб-сайттарды түзүү менен, МБТ жаатындагы инновациялык процессти өнүктүрүүнүн куралы катары кароо керектиги белгиленди.
Конференциянын ишине Кыргызстандан, Польшадан, Эстониядан, Швейцариядан, Германиядан, Казакстандан, Молдовадан келген өкүлдөр катышты. Кыргызстандын патентик ведомствосун Кыргызпатенттин Интеллектуалдык менчик объектилерин мониторингдөө, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башкы адиси Роза Агапова көрсөттү.
