• English
  • Кыргызча
  • Русский
Бакыт Кененбаев, Кыргызпатенттин жаңы статс-катчысы
Жарыяланган күнү : 
06/07/2009

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Игорь Чудиновдун 2009-жылдын 6-июлундагы № 226-Буйругуна ылайык Бакыт Кененбаев КРнын Мамлекеттик патент кызматынын статс-катчысы болуп дайындалды.

Бүгүн 2009-жылдын 6-июлунда жаңы статс-катчыны Кыргызпатенттин жамаатына КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысынын орунбасары Зина Исабаева тааныштырды.

КРнын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин директору Айдарбек Керимкулов жаңы статс-катчыга куттуктоо сөзүн айтып, гүлчамбыр тапшырды. Ал чогулгандарга кайрылып:«Ушул тапта мамлекеттик агенттиктин иши мамлекеттик кызматкердин кадыр-баркын көтөрүүгө багытталууда.

Патентик ведомствонун жаңы жетекчиси Улан Мелисбековичтин келиши менен биз бир нече багыттар боюнча биргелешкен үзүрлүү ишти баштадык. Мындан ары да сиздердин ведомство менен кызматташабыз деген үмүттөбүз». – деп белгиледи.

Кыргызпатенттин директору Улан Мелисбек ошондой эле жаңы статс-катчыны куттуктап мындай деди: «Бир нече айдан бери cтатс-катчынын жок болуп келүүсүнөн кийин, акыры маселе чечилди. Биз жаңы статс-катчы биздин жамаатка гармониялуу ыңгайлашып кетет деп ишенебиз».

«Ушул жоопкерчиликтүү кызматка дайындоодогу көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирем. Өз кезегинде ведомствонун гүлдөп өнүгүүсү үчүн өз милдеттеримди аткарууга жоопкерчиликтүү мамиле жасоого убада беремин» – деп корутундулады Бакыт Кененбаев.

Кыскача өмүр баяны.

Кененбаев Бакыт Темирович 1978-ж. 14 июлда туулган.
1997-жылы Кыргыз-Россия Славян Университетин (КРСУ) «Менеджмент» диплому менен бүтүргөн, 1997-99-жж. АКШнын Огайо штатындагы Оттербэйн колледжинде (Otterbein College) «Бизнести башкаруу» адистиги боюнча окуган, аны аяктаган соң артыкчылык даражасындагы Summa Cum Laude дипломун алган. 2001–2002-жылдары АКШнын Огайо штатындагы Деврий технологиялык институтунда (DeVry Institute of Technology) билим алуусун улантып, анда «Маалыматтык технологиялар» адистиги боюнча бакалавр даражасына ээ болгон..
2004-жылдын ноябрынан 2005-жылдын майына чейин КРнын Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыз жана активдер башкармалыгынын жетектөөчү адиси болуп иштеген. 2006-жылы «АкТел» ЖЧКсында Келечектүү иштеп чыгуулар секторун жетектеген, 2007-жылдан 2009-жылга чейин «Талисман Виллидж» ЖЧКсынын коммерциялык директору кызматында иштеп келген.

Үй-бүлөлүү, үч баласы бар.
Кыргыз, орус, англис тилдерин билет.