2009-жылдын 30-июнунда КРнын Мамлекеттик патент кызматынын төрагасы Улан Мелисбектин «HItech Agro» компаниясынын президенти, Түндүк Кореянын Кангвон Улуттук университетинин профессору г-н Хак-Тэ Лим (Hak-Tae Lim) менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуу селекциялык жетишкендиктер жаатындагы, атап айтканда картофелдин ар түрдүү сортторун иштеп чыгуудагы маселелерге арналды.
Г-н Лим «Картофель өрөөнү» («Potato Valley») деп аталган иштеп чыгуулардын каталогун көргөздү. Ал бүгүнкү күндө картофелдин селекциясы боюнча анын компаниясы Россия Федерациясынын, Индиянын, АКШнын, Австралиянын жана Европанын кээ бир өлкөлөрүнүн коргоо документтерине эгедер экендигин түшүндүрдү. Азыр анын максаты болуп өзүнүн жетишкендиктерин патенттөө жана Кыргызстандын аймагында алардын корголушун камсыз кылуу эсептелет.
Г-н Лим Кыргызпатентке селекциялык жетишкендиктерди каттоодо Кыргызстанда кандай талаптар коюла тургандыгын, ошондой эле биздин мамлекетте селекциялык иштеп чыгууларды коргоого байланышткан башка жагдайларды билүү үчүн кайрылган.
Кыргызпатенттин төрагасы г-н Лим менен кызматташууга даяр экендигин билдирди, ошондой эле ведомствонун эксперттери аны кызыктырган бардык суроолорго жооп бере тургандыгына ишендирди.
Маалымкат:
Кангвон Улуттук университетинин картофелдик селекция жаатындагы жана Корея картофелдин генетикалык ресурстары борборунун (KPGR) окумуштуу-изилдөөчүлөрү профессор Хак-Тэ Лимдин жетекчилиги менен картофелдин ар түрдүү сортторун чыгарышты:
Bora Valley (антиоксиданттардын жогорку деңгээли менен);
Golden Valley (аз калориялуу, С витамини менен);
Gogu Valley(кантты жана белокту көп камтыган);
Early Valley (эрте жетилүүчү, аз калориялуу);
Juice Valley (картофелдик шире үчүн, антиоксиданттардын жогорку деңгээли менен);
Winter Valley (күзгү жана кышкы даярдоолор үчүн) ж.б..
Өзгөчө көңүл, Азия жана Тынч океан регионунун климаттык шарттарына тез ыңгайлашуучу картофелдин жаңы сортторун иштеп чыгууга бурулат.
