• English
  • Кыргызча
  • Русский
Женевада Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) Товардык белгилер, өнөр жай үлгүлөрү жана географиялык көрсөткүчтөр боюнча туруктуу комитеттин 21-отуруму болуп өттү
Жарыяланган күнү : 
30/06/2009

2009-жылдын 22–26-июнунда Женева шаарында (Швейцария) Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) штаб-квартирасында Товардык белгилер, өнөр жай үлгүлөрү жана географиялык көрсөткүчтөр боюнча туруктуу комитеттин 21-отуруму болуп өттү.

Отурумдун жүрүшүндө, бекитилген күн тартибине ылайык, мыйзамда жана практикада өнөр жай үлгүлөрүн мүмкүн болгон тармактарга жакындатууга, белгилердин бардык түрлөрүн каттоодон баш тартуу үчүн негиздерге, тастыкталган жана жамааттык белгилерди каттоого байланышкан техникалык жана жол-жоболук аспектилерге, Париж конвенциясынын 6ter статьясы, ошондой эле географиялык көрсөткүчтөргө тиешелүү маселелер каралды.

Мындан тышкары, Ямайканын Париж конвенциясынын 6ter статьясы боюнча, ага мамлекеттердин аталыштарын коргоону киргизүү жөнүндөгү сунушу талкууланды. Бул сунуш Австралиянын, Түштүк Африканын, Германиянын, Австриянын, Кореянын жана Даниянын өкүлдөрүнөн башка делегациянын көпчүлүгү тарабынан колдоого алынды. Кошумча талкуу жүргүзгөндөн кийин ушул маселе боюнча ИМБДУнын катышуучу-өлкөлөрүнүн арасында андан ары жайылтуу үчүн суроолор тизмегин түзүү чечилди.

Отурумдун ишине чет өлкөлүк делегаттар жана КМШ өлкөлөрүнүн (Кыргызстан, Россия жана Белорусь) өкүлдөрү катышты. Отурумдун төрагалыгына Женевадагы Корея Республикасынын Туруктуу өкүлчүлүгүнүн Биринчи катчысы г-н Пит Сен-Джун Пак бир добуштан шайланды, ал эми анын орун басарлыгына – ИМБДУнун Товардык белгилер, өнөр жай үлгүлөрү жана географиялык көрсөткүчтөр секторунун Мыйзамдар жана эл аралык классификация боюнча бөлүмүнүн жетекчисинин милдетин аткаруучу г-н Маркус Хоппергер жана ИМБДУнун генералдык директорунун жардамчысы г-н Эрнесто Рубио шайланышты.

Кыргызстандын Патентик ведомствосун Кыргызпатенттин Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Ф.Ибрагимов көрсөттү.

Андан тышкары, ИМБДУнун Европанын жана Азиянын кээ бир өлкөлөрү боюнча бөлүмү менен Кыргызпатент менен болуучу мындан аркы байланыштарга, атап айтканда, ушул жылдын июль айында интеллектуалдык менчик (ИМ) чөйрөсүндөгү университеттик координаторлор үчүн Региондук форумду Кыргызстанда өткөрүүгө, Интернет-конвенциялар боюнча семинарга, салттуу билимдерге жана ИМ боюнча Кыргызстандын стратегиясына байланышкан маселелерге тиешелүү сүйлөшүүлөр болду.

Ошондой эле отурумдун төрагасы г-н Пак жана төраганын орунбасары г-н Хоппергер менен жолугушуулар болуп, анын жүрүшүндө алар жакында Кыргызпатентте болгон кайра түзүүлөр жана ага домен наамдарын башкаруу боюнча ыйгарым укуктардын кайра өкүлдөнүшү, ошондой эле Кыргыз Республикасында домен наамы менен товардык белгинин ортосундагы чыр-чатактарды жоюучу домен наамдарын каттоо системасын өздөштүрүү боюнча Кыргызпатенттин пландары тууралуу кабардар болушту.