23-26-июнда укук коргоо жана контролдоочу органдардын кызматкерлери үчүн окутуу курстары өтөт.
Бул окуу курстары Өкмөткө караштуу интеллектуалдык менчик укуктарын бузууларга каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын чечимдерин аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы тарабынан укук коргоо жана контролдоочу органдар менен бирдикте уюштурулган. Ушул кезде кыска мөөнөттөгү окуу курстарынын угуучу топторун даярдоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Максат: Интеллектуалдык менчикке укуктарды кыйла натыйжалуу коргоо жана бул тармакта укук бузууларга каршы аракеттенүү үчүн интеллектуалдык менчик жөнүндө жана анын объектилерин коргоо жөнүндө билимдерди кеңейтүү.
Курстар 2009-жылдын мартынан бери ай сайын өткөрүлүүдө.