Каракчылык таланттуу адамдарга чоң зыян келтирет жана ошондуктан каракчылык продуктуларынан лицензияланган продуктуну артыкчылыктуу деп эсептөө ар бирибиздин милдетибиз. Бул жөнүндө кечээ “Каракчылыкка жол жок!” аттуу акцияда Мамлекеттик патент кызматынын (Кыргызпатент) директору Улан Мелисбек билдирди.
Анын айтымында, эгерде коомчулук ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн сапаттуу продуктуларын керектөөгө кызыкдар болсо - лицензияланган продуктуга өтүүнүн учуру келди: “Биздин бардыгыбызга музыка уккан, кызыктуу фильмдерди көргөн жагат, бирок ар бирибиз эле бул чыгармачылык эмгек канчалык жана мындай чыгармаларды жаратуу үчүн канча материалдык чыгым талап кылынаары тууралуу ойлобойбуз”.
Кыргызпатенттин башчысы белгилегендей, ар бир автор өз чыгармасын жаратууга жумшалган таланты жана иши үчүн сый акы алууга татыктуу. Бирок эч нерсе жаратпай туруп эле авторлордун эмгегинен оңой акча таап, муну менен мыйзамдуу жаратуучуларды акысыз калтырган адамдардын категориялары бар. Алар каракчылык кылышат, же уурдашат. Балким көптөгөн жарандар каракчылардын эрксиз курмандыктары болуп жаткандыктарын түшүнүшпөйт. Башкы кызыктырып өзүнө тарткыч нерсе катары продуктунун арзандыгы эсептелет, муну менен алардын сапаты жакшы сапаттагысын алуу тилегин ошол бойдон калтырат”, - деп кошумчалады У.Мелисбек.
КУМА “Кабар”
20/06/2009 10:16
http://rus.kabar.kg/2009/06/20/umelisbek-piratstvo-nanosit-ogromnyj-uron-talantlivym-lyudyam/
