Мамлекеттик патент кызматынын (Кыргызпатент) директору Улан Мелисбек кечээ “Каракчылыкка жол жок” аттуу эл алдындагы акцияда: “Кыргызстандагы искусствонун ата мекендик өкүлдөрү Батыштан чыккандардан кем калышпаган таланттуулар. Иштин баары биздин чыгармачыл ишмерлердин эмгегин баалап жана сыйлай албагандыгыбызда болуп жатат”, - деп билдирди.
“Мисалга алсак, бирдин режиссерлордун эмгектери чет өлкөлөрдө жогору бааланган. Темир Бирназаровдун “Парз” деген фильми эл аралык INPUT кинофестивалынын лауреаты болуп калды. Режиссер Эрнест Абдыжапаров “Боз Салкын” аттуу фильми үчүн “Евразия” төртүнчү эл аралык кинофестивалда Гран-прини алган, ал эми Акжолтой Бекболотовдун “Бизде бардыгы жакшы” аттуу фильми Тегерандагы шаардык фильмдердин фестивалында жюринин атайын сыйлыгын жеңип алган”.
Бирок муну менен У.Мелисбек мындай дейт:”өздөрүнүн бир тууган мекенинде алар мындай таанууну күтө алышпайт. Бирок алардын көпчүлүгү жайдак жигер менен, эч нерсеге карабастан эң сонун өлбөс чыгармаларды жаратууну улантышууда”.
Сөзүнүн акырында ал “Каракчылыкка жол жок!” акциясына көп сандагы адамдардын катышып жаткандыгы “каракчылык” деп аталган продуктуну жайылтуу көйгөйүнө кайдыгер карашпай тургандыктарын жана бул көйгөйдү биргелешип чечүү керектигин түшүнө тургандыктарын далилдейт деп белгиледи.
(А.Мураталиева).
КУМА “Кабар”
20/06/2009 10:34
http://rus.kabar.kg/2009/06/20/umelisbek-problemu-piratstva-nado-reshat-soobshha/