Көңүл бургула, Көңүл бургула!!!
КРнын Мамлекеттик патент кызматы (Кыргызпатент) ведомстаонун логотибин түзүүгө сынак жарыялайт!!!
Сынактын шарттары:
1.Логотипке коюлуучу талаптар:
- Оригиналдуулук
- Ассоциативдүүлүк (ведомствонун ишмердүүлүгүгнүн спецификасын ачат)
- Функционалдуулук (аны фирмалык стилдин сактагычтарында:таанытмаларда (визитка), бланкаларда, веб-сайтта, азембелек продуктуларында ж.б. басманын ар түрдүү ыкмалары менен кайра чыгаруу мүмкүндүгү)
- Улуттук элемент (мүмкүн болушунча)
2. Долбоорлорду берүүнүн акыркы мөөнөтү:
2009 жылдын 7 июлу
3. Сынакты өткөрүүнүн тартиби:
Эки күндүн ичинде (2009-жылдын 8,9-июлунда) сынак комиссиясы (ведомствонун кызматкерлери) бардык берилген долбоорлорду карап чыгат жана сынактын жеңүүчүсүн тандап алат.
4. Сый акысы:
Сынактын жеңүүчүсү 12 000 сом алат
5. Кошумча маалыматтар:
Кыргызпатенттин сайты - www.patent.kg
6. Даяр долбоорлорду электрондук же кагаз түрүндө төмөндөгү дарек боюнча берүүнү өтүнөбүз:
Москова көчөсү, 62 ( Правда көчөсү менен кесилишет)
е-mail:
кошумча маалыматтар үчүн тел: 68 10 53
