Эми Ош мамлекеттик унивесритетинин, Ош гуманитардык-педагогикалык университеттин, Кыргыз-Өзбек университетинин жана Ош технологиялык университетинин студенттери жана окутуучулары интеллектуалдык менчик жаатында билимдерин кеңейте алышат.
Тартууга берилген адабияттар интеллектуалдык менчик жөнүндө, ИМди коргоо тууралуу мыйзамдарды, Кыргызстандын аймагында катталган объектилер жөнүндө, ошондой эле ойлоп табуучулар жана мамлекетибиздин чыгармачыл ишмерлери жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
Университеттердин профессордук-окутуучу курамы жана Ош областык китепканасынын жетекчилиги Кыргызпатентке ыраазычылык билдиришти.
Ыразычылык кат
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик
патент кызматынын директору
Улан Мелисбек мырзага
Ыраазычылык кат
Мамлекетибизде практика жүзүндө иш жүзүнө ашып жаткан жаңы табылгаларды, ойлоп табууларды жалпы элге жарыялоодо аткарган ишиңиздердин жоопкерчиликтүү экендиги талашсыз. Экономикалык оор кырдаалдарда илимий кызматкерлерге жана ойлоп табуучуларга моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүп жаткандыгыңыздар Кыргыз мамлекетибиздин экономикасынын өнүгүүсүнө да зор салымын кошот деп ишенебиз. Автордук укуктарын коргоодо көп ишкана мекемелерге керектүү илимий, укуктук, маалыматтык китептерди бекер таратып жатканыңыздар коомчулук тарабынан да чоң кызыгууга ээ болоору айкын.
Сизге жана Сиз жетектеген эмгек жамаатына мындан ары да чыгармачыл ийгиликтерди каалоо менен ар дайым элдин колдоосуна ээ болуп, экономикабыздын өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүчү шарттарды жарата беришиңиздерге Ош технологиялык университетинин эмгек жамааты терең ишеним билдирет.
Сизди урматтоо менен,
Ош технологиялык университетинин
ректору, х.и.д., профессор Абдибали Токтомаматов
Тема боюнча: “Кыргызпатент Ош областтык китепканасына, ошондой эле Ош шаарынын ЖОЖдоруна 500гө жакын китептерди жана брошюраларды тартуулады ”
МА “CA-NEWS” http://www1.ca-news.org/news/162701
МА “Akipress” http://kg.akipress.org/news:90911/?from=rss