• English
  • Кыргызча
  • Русский
"Каракчылыкка жол жок"! Акциясы
Жайындалган күнү : 
2009-06-11

2009-жылдын 19 июнунда Мамлекеттик патент кызматы Бишкек ш. Мэриясы, Финансылык палиция кызматы жана Сот департаменти менен бирдикте “Каракчылыкка жол жок!” аттуу акция өткөрөт.

Бул акциянын алкагында укук коргоо органдары тарабынан мыйзамсыз жүгүртүлүүдөн алынып коюлган ар кандай форматтагы контрафактылык дисктердин жалпы саны 25 миңден ашык контрафактылык (каракчылык) аудио-видео продуктулары жок кылынмакчы.

Бул акциянын максаты болуп, автордук укукту жана чектеш укуктарды коргоо, лицензиялык продуктулардын базарын коргоо жаатында улуттук мыйзамдарды сактоо боюнча саясатты пропагандалоо эсептелет.

Акция биздин эстраданын жылдыздары: Мирбек Атабеков, Съездбек Искеналиев, Замир Арыкбаев, Ильяс Андаш, Бактыгуль Бадыева, Алькамиль, Дархан, Иса, Ильяс Абдыразаковдордун жана “Синдикат” бий тобунун кызыктуу көрсөтүүлөрү менен коштолот.

Коммерциялык ишмердүүлүктүн бардык түрлөрүндөй эле - прокатка берүү, сатуу, аудио-, видеопродуктуларын нускалоо киреше алып келет, ага контролдоону салык органдары жүзөгө ашырат.
Ишмердүүлүктүн бул түрү контролго алынгандыгына карабастан, Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан ченемдик-укуктук актыларын бузуу менен, автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин мыйзамсыз пайдаланып, эсепке кирбеген “көмүскө” кирешелерди алып жаткан айрым бир категориядагы жарандар бар. Жарандардын мындай категориясын “каракчылар” деп коюшат, ал эми көрүнүштүн өзү “каракчылык”, б.а. авторлордун жана укук ээлеринин макулдугусуз коммерциялык максаттарда автордук укуктун жана чектеш укуктардын объектилерин мыйзамсыз пайдалануу.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан автордук жана чектеш укуктарды бузгандыгы үчүн кылмыштык, административдик жана жарандык жоопкерчилик караштырылган. Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө интеллектуалдык менчик каракчылыгы менен күрөшүү иштерин укук коргоо органдары алып барышат, ал эми автордук-укуктук уюмдар аларга укуктук, маалыматтык, эксперттик жана башка жардамдарды көрсөтүшөт.

Каалоочулардын бардыгынын акцияга катышуусун 19-июнда 17:30да эски аянтта күтөбүз.