• Кыргызча
  • Русский
Юбилейи менен куттуктайбыз!
Жарыяланган күнү : 
11/06/2009

[b][i]Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын системасындагы көп жылдык эмгеги үчүн Кыргызпатенттин директору У.M.Mелисбек жалпы жамааттын атынан Кыргызпатенттин Товардык белгилерди, товарлар келип чыккан жерлердин аталыштарын жана фирмалык аталыштарды экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти Бекбаева Ольга Федоровнаны куттуктады.[/i][/b]

Кызыл розалардын гүлчамбыры менен кошо Улан Мелисбекович бир айлык эмгек акысы өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырып, мындай деди:”Биздин ведомствонун иши негизинен анын ар бир кызматкеринин адистик жана жеке салымына жараша болот, ошондуктан Сизге жоопкерчиликтүү, ак ниет эмгегиңиз жана жогорку кесипкөйлүгүңүз үчүн ыраазычылык билдиремин жана Сизге ден-соолук, бакубатчылык жана ишмердүүлүгүңүздөгү мындан аркы ийгиликтерди каалаймын!”

Сыйлык 2009-жылдын 10-июнунда Ольга Фёдоровнанын 60 жылдык юбилейине байланыштуу тапшырылды.