• Кыргызча
  • Русский
Тимур Адилов :"Интернет түйүнүндө интеллектуалдык менчик укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча олуттуу көйгөйлөр бар жана мындай кылмыштуу иштерге каршы аракеттенүү комплекстүү мүнөздө болууга тийиш».
Жарыяланган күнү : 
08/06/2009

2009-жылдын 8-июнунда «Хаятт» мейманканасында Маалыматтык технологияны өнүктүрүү доорунда интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо маселелери боюнча эл аралык конференция өттү.

Интеллектуалдык менчикке укуктарды коргоо көйгөйү Кыргызстанда Интернет дүркүрөп өнүгүп жаткан акыркы жылдарда өзгөчө актуалдуу болуп калды. Интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо көйгөйлөрүн бийлик өкүлдөрү биздин өлкөнүн укук ээлери менен акыркы кеңири талкуулоодон бери бир жыл өттү, бирок TRIPS макулдашуусунун алкагында коргоонун айрым бир маанилүү механизмдери али да болсо КРнын мыйзамдарына киргизиле элек.

Кыргызпатенттин Интеллектуалдык менчик объектилерин камтыган продуктуларды жана товарларды изилдөө жана экспертизалоо башкармалыгынын начальниги Адилов Тимур мындай деп белгиледи: «Көпчүлүк даражада интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарга тиешелүү болгон көптөгөн кызыгуулар кездешүүчү мейкиндикте Интернет таптакыр жаңы түзүлүш болуп эсептелээри талашсыз. Интернет түйүнүндө интеллектуалдык менчик укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча олуттуу көйгөйлөр бар жана мындай кылмыштуу иштерге каршы аракеттенүү комплекстүү мүнөздө болууга тийиш».

«Бул конференция БСУ алдындагы милдеттенмелерге ылайык мыйзамдык ченемдерди мындан ары кайра түзүүгө чоң кадам болуп калуусу, ошондой эле интеллектуалдык менчик объектилерин коргоону жүзөгө ашыруунун механизмдерин жөнгө салуусу керек.

Эң кыска мөөнөт ичинде мамлекеттин Интернет жашап жана өнүгө турган укуктук алкактарды аныктоосу абдан маанилүү. Түйүндүн спецификасына адекваттуу предметтик мыйзам базасын иштеп чыгуу жана кабыл алуу зарыл. Буга ИМ Интернетте гана эмес, ошондой эле санариптик түйүндөрдө дагы канчалык деңгээлде натыйжалуу корголо тургандыгы көп жеринен көз каранды.
Автордук укук институту заманбап маалымат технологияларынын таасири астында негизинен авторлордун жана башка укук ээлеринин автордук укук жана чектеш укуктар объектилерине мүлктүк укуктарынын мазмунуна тиешелүү болгон айрым бир сапаттык өзгөрүштөргө эгедер болооорун божомолдоого болот.

Кыргызпатентке келе турган болсок, биз өз кезегинде, ошондой эле бул көйгөйдү чечүү үчүн мүмкүн болгондун бардыгын жасап жатабыз.

Азыркы кезде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы тарабынан иштелип чыккан «Кыргыз Республикасынын «Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтеринде жана ведомстволорунда макулдашуудан өтүүдө.

Көрсөтүлгөн Мыйзам долбоору маалыматтык технологиянын жана Интернеттин өнүгүшү менен байланышкан авторлордун, аткаруучулардын, фонограмма чыгаруучулардын, эфирдик жана кабельдик берүүлөрдүн уюмдарынын жаңы укуктарын чыңдамакчы.

Укуктарды башкаруу жөнүндө маалымат жана автордук укук жана чектеш укуктарды коргоонун техникалык каражаттары деген сыяктуу терминдер киргизилет. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө» Мыйзамын туура түшүнүүгө жана натыйжалуу колдонууга өбөлгө түзө турган, тактоо мүнөзүндөгү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет» – деп белгиледи Т.Адилов.