• English
  • Кыргызча
  • Русский
Серпилгич жана серпилгич пластикалык толкундарды таркатуу боюнча эл аралык конференция Бишкекте
Жарыяланган күнү : 
28/05/2009

2009-жылдын 28–29-майында Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясында 20 кылымдын көрүнүктүү окумуштуусу – академик, Социалисттик эмгектин Батыры
Х.А. Рахматулиндин туулган күнүнүн жүз жылдыгына арналган серпилгич жана сериплгич пластикалык толкундарды таркатуу боюнча Эл аралык конференция болот.

Х.А. Рахматулиндин иштеринин математиканын, физиканын жана технологиянын, атап айтканда парашюттар жана өткөргүч телолордун аэродинамикасы теориясында, көп фазалуу чөйрө кыймылынын теориясында, химиялык технология маселелеринде зор илимий жана колдонмолук мааниси бар.

Илим менен техниканы өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Х.А. Рахматуллин төрт Ленин ордени, медалдар, ар кандай кадыр-барктуу илимий сыйлыктар менен, эки жолу ССР Союзунун Мамлекеттик сыйлыгы жана РСФСР Министрлер Советинин эки сыйлыгы менен сыйланган.

Х.А. Рахматулин биздин мекендешибиз болуп эсептелет, ал Токмок ш. туулуп өскөн. Механикада илимий-изилдөөлөрдү өнүктүрүп жаткан Кыргызстандын жогорку квалификациялуу кадрларын даярдоого кошкон анын салымы баа жеткис.