• English
  • Кыргызча
  • Русский
Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун генералдык катчысынын орун басары менен жолугушуу
Жарыяланган күнү : 
30/04/2009

2009-жылдын 22-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде Кыргызпатенттин Атайын режим секторунун башчысы А.Бердалиев менен Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун генералдык катчысынын орун басарыА.М.Базавлюк менен жолугушуусу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык келишимдерди жана 2003–2009-жылдарда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында кабыл алынган чечимдерди жүзөгө ашыруу маселелери талкууланды.

Өз кезегинде Мамлекеттик патент кызматынын өкүлү 2007-жылдын 6-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлуп, 2009-жылдын 15-январында күчүнө кирген Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагындагы Аскердик-экономикалык кызматташтыктын жүрүшүндө алынган жана пайдаланылган интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларына укуктарды өз-ара коргоо жөнүндө макулдашууну жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берди.

Мамлекеттик патент кызматы Россия Федерациясынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыктын жүрүшүндө алынган жана пайдаланылган интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларына укуктарды өз-ара коргоо жөнүндө эки тараптуу макулдашууну жүзөгө ашыруу боюнча биргелешкен жумушчу тобунун отурумуна активдүү катышат.

Биргелешкен жумушчу тобунун отурумунун жүрүшүндө төмөндөгү маселелер каралды:
– Аскердик-техникалык кызматташтыктын жүрүшүндө алынган жана пайдаланылган интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларын пайдалануу боюнча түзүлгөн келишимдер (макулдашуулар, контракттар) жөнүндө;

- Россия Федерациясынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыктын жүрүшүндө алынган жана пайдаланылган интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларына укуктарды өз-ара коргоо жөнүндө эки тараптуу макулдашуунун 4-жана 6-статьяларын жүзөгө ашыруу жөнүндө.

Жумушчу тобунун кийинки отурумунда «Келишимге (контрактга) интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларына укуктарды коргоо боюнча жоболорду киргизүү боюнча сунуштардын» долбоору каралат.